00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
“Сабаттуу сүйлөө – келечектеги ийгиликтин ачкычы”. Так жана кооз сүйлөө адамдын жашоосунда канчалык маанилүү?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майып балдар үчүн кандай жайкы эс алуу программалары уюштурулууда
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

РАЖ партиясынан талапкердин арызын жасалмалоо боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
ИИМ "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Исмаилованын документтерин жасалмалоо боюнча кылмыш ишин козгоду. Партия коюлган айыпты четке кагып, видео жазууну көрсөтүүгө даяр.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Укук коргоо органдары "Республика — Ата-Журт" (РАЖ) партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилованын тизмеден чыгуу тууралуу документтерин жасалмалоо боюнча кылмыш ишин козгогонун ИИМ билдирди.

Исмаилова арызын жекшемби күнү жазган. Анда талапкердин атынан белгисиз бирөө депутаттык мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазганы айтылат.

"БШК бул арыздын негизинде өз чечими менен талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган. Исмаилова "Республика — Ата-Журт" партиясынын курамынан чыкпаганын билдирүүдө", — дейт ИИМ.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК талапкерлердин мандаттан баш тартуу боюнча арызын кайра карабайт
Министрликтин башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 350-беренесинин (Документтерди, мөөр, бланкаларды жасалмалоо) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Аталган берене менен айыпталып жаткан жак, эгер күнөөсү аныкталса, эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажырайт.

Партиянын юристи Елена Жылкычиеванын Sputnik агенттигине берген түшүндүрмөсүнө ылайык, бардык талапкерлердин, анын ичинде Аида Исмаилованын дооматы негизсиз.

"Жазылган арыздар өз ээлерине таандык, бул далилденди. Алардын бардыгы тең, эгер шайлоодо жетиштүү добуш ала албай калса, тизмеден чыга турганын убада кылган видео жазуу бар, ал сотко жөнөтүлдү. Бардыгы тең материалга тиркелген, бирок сот Исмаилованын ишине гана тиркебептир. Ошого карабай бул талапкердин да депутаттыктан баш тартканы жөнүндө далил бар", — деди юрист.

Жогорку Кеңеште депутаттын орун жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы ушул аптада өз ишин башташы мүмкүн
Калган арыз ээлери Курманкул Зулушев (№11), Рада Түмөнбаева (№16), Жыргалбек Саматов (№17), Алиярбек Абжалиев (№19), Кантемир Мурзабеков (№37) жана Закир Шараповдордун (№67) партияга да, БШКга да эч кандай доосу жок.

Жылкычиева жекшемби күнү Биринчи май райондук соту талапкерлердин мандаттан баш тартуу боюнча арызын кайра карабоо жөнүндө чечим кабыл алганын эскерткен. Анда арызды "Республика — Ата-Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" партияларынын өкүлдөрү жазган. 

Буга чейин БШК шайлоо жыйынтыгы менен жеңүүчү аталган партиялардын депутаттыктан баш тарткан талапкерлеринин арызын канааттандырып берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0