Синоптиктер: Бишкек шаарынын майрамында жамгыр жаашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөлөрүнүн биринде кол чатыр кармаган аял. Архив
Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кол чатыр кармаган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, 29-апрель — борбор калаанын күнү деп белгиленген. Быйыл Бишкек 138 жылдыгын майрамдайт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Борбор калаанын күнү — 29-апрелде Бишкек шаарында жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы күндүз 23…25 градуска чейин жылуу болот.

Майрамдардан улам 2-5-май эс алуу күндөрү деп жарыяланды
30-апрелде нөшөрлөп жаан төгүп, абанын температурасы кескин төмөндөп, күндүз 14…16 градус жылуу болсо, түнкүсүн 10…11 градуска түшөт.

Ал эми 1-майда ала булут каптаганы менен, күн жылуу болот.

Шаар күнүнө карата 29-апрелде жаңы алынып келген автобустар №42 маршрут боюнча 12-кичирайондон Ала-Тоо конушуна чейин линияга чыгат. Ошондой эле калаадагы фонтандар да иштеп баштайт

Шаардык кеңештин токтомуна ылайык, 29-апрель — борбор калаанын күнү деп белгиленген. Быйыл Бишкек 138 жылдыгын майрамдайт.

Шаар күнүнө караба борбор калаада өтчү майрамдык иш-чаралар тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0