00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Таберик
СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев классикалык музыка доору 2 бөлүк
17:08
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Майып балдар үчүн кандай жайкы эс алуу программалары уюштурулууда
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Монтаж в фокусе: профессия, которая меняет кино
18:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ: 450 миң долларын жолдон тоноткон ишкер ок жеп, шектүү үч жаран кармалды

Жазылуу
Кылмыш иштерин иликтөө тобу Кара-Суунун кармалган жарандарынан тонолгон ишкердин 12 200 долларын таап чыккан.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Ноокендик ишкерге Ош — Бишкек жолунан кол салып, автоунаасындагы 450 миң долларын алып кеткендердин үчөө кармалды. Бутунан ок жеген жабырлануучу учурда медиктердин көзөмөлүндө турат деп билдирди ИИМдин өкүлү. 

Кишенден бошотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киргшёлкто өлтүрүлгөн үч аялдын туугандары шектүүлөр бошонуп кетеби деп кооптонот
Мындан бир нече күн мурда Жалал-Абаддын Ноокен районунан Бишкек шаарына сапар алган жаранга жолдон белгисиз адамдар кол салып, тоноо фактысы катталган.

Ал арада Ош шаардык ИИБдин  кылмыш иштерин иликтөө тобу  "Допинг" жана "Нелегал" операцияларын өткөрүп, баңгизат менен кара-суулук Улукбек аттуу 25 жаштагы жаранды кармаган.

Милиция анын автоунаасын текшергенде эки миң доллар өлчөмүндөгү каражат чыккан. Иликтөө андан ары уланып, тинтүү учурунда Кара-Суу шаарындагы үйүнүн гаражына катылган 10 миң доллар табылган.

"Ноокендеги каракчылык боюнча маалыматыбыз жок эле. Биз кармаган Улукбек, Аббас жана Дилшот аттуу жарандардын ноокендик ишкерге кол салууга тиешеси бар экендиги далилденди", — деп билдирди ИИМ өкүлү.

Кылмыш иштерин иликтөө тобу жалпысынан аталган жарандардан 12 миң 200 доллар таап чыккан. 

"Ноокендеги ишкерди карактагандар Улукбекке 20 миң доллар берген экен. Биз андан 12 миң, ал эми Дилшоттон  200 доллар таптык", — деди ал.

Алынган каражат менен тиешелүү документтер толтурулуп, Жалал-Абаддык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсүнө өткөрүп берилген.  

"Улукбек учурда баңгизаты боюнча берене менен кармалып, убактылуу тергөө жайына отургузулду. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Берки экөө окуяны иликтеген Жалал-Абаддагы ыкчам топко өткөрүп берилди", —  деди ИИМ өкүлү.

Ал учурда эркиндикте жүргөн алардын дагы 2-3 шеригин кармоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0