00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Монтаж в фокусе: профессия, которая меняет кино
18:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 06:00
06:00
3 мин
Утро хорошего дня
«Посвящение Елене Образцовой» - жизнь и творчество великой оперной певицы
06:03
57 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как работает единственный зоопарк Кыргызстана – беседа с директором Каракольского зоопарка
08:13
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
On air
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көйгөйү көп Ботаникалык бак. Реконструкция эмне берди?
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кимдер үчүн үчүн күнгө күйгөн өтө кооптуу? Күн нурунун ден соолукка тийгизген таасири
13:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как правильно оформить наследство — советы юриста
14:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Креативдүү индустрия паркынын резиденттери үчүн кандай жеңилдиктер каралган?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Как здания в Кыргызстане будут проверять на сейсмостойкость
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Демографиянын экономикага таасири кандай? Кыргызстан үчүн ЕЭАБ рыногунун мааниси
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Аэропорт. Шашкан эл. Каттамдарды айткан үн. Дүйнөдөгү эң кыймылдуу аэропорттордун биринде иштөө үчүн кандай талаптарга жооп бериш керек?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Борьба с коррупцией внутри госорганов. Как работает уполномоченный по предупреждению коррупции?
20:06
47 мин
Ачык кеп
Креативдүү индустрия паркынын резиденттери үчүн кандай жеңилдиктер каралган?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: 1916-жыл тууралуу архивдик материалдардын айрымдарын быйыл эле алдык

© Sputnik / Табылды КадырбековҮркүндө каза болгондорго арналган мемориалдын ачылышындагы адамдар
Үркүндө каза болгондорго арналган мемориалдын ачылышындагы адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өткөн кылымдагы дал ушул мезгил тарыхтагы эң оор учур экенин билдирди.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1916-жылдагы окуя тууралуу айрым архивдик материалдар быйыл гана алынганын президент Алмазбек Атамбаев кайгылуу окуяда каза болгондорго арналган мемориалдын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, тарыхтагы бул кайгылуу окуялар тууралуу айтуу оор.

"100 жыл өткөнүнө карабастан архивдик материалдардын бардыгын эле алуу мүмкүн эмес. Биринчи маалыматтар толук изилдене элек. Алардын айрымдарын биздин окумуштуулар быйыл гана алды", — дейт Атамбаев.

Ата Бейитке колодон жасалган ири барельеф орнотулууда - Sputnik Кыргызстан
"Ата Бейитке" колодон жасалган ири барельеф орнотулууда
Ал ошондой эле бүгүнкү күнү окумуштуу-тарыхчылар 1916-жылдагы окуяларды өз жерин сактоо үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш, эркиндик үчүн болгон күрөш катары баалап жатканын айтты. Калкты бул кадамга падышанын жергиликтүү элди аскердик тыл иштерине тартуу боюнча буйругу түрткөн.

"Көтөрүлүш падышачылыктын колониялык саясатына багытталган. Бул кайгылуу аракеттер Россия падышачылыгын өзүндөгү прогрессивдүү күчтөрдүн активдүү кийлигишүүсү менен соңуна чыккан", — дейт президент.

Атамбаев 1916-жылдагы кайгылуу окуя көп кылымдар бою болуп келген пикир келишпестик, ички ыйкы-тыйкы аракеттер жана биримдиктин жоктугунан чыккан мыйзам ченемдүү нерсе экенин белгиледи. Бул тарыхтагы эң оор учурлар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0