00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 06:00
06:00
4 мин
Утро хорошего дня
Фестиваль с сердцем – как Национальное общество Красного Полумесяца помогает детям с инвалидностью, популяризируя спорт и благотворительность
06:04
33 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как работает единственный зоопарк Кыргызстана – беседа с директором Каракольского зоопарка
08:04
44 мин
08:49
7 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как актерам и режиссерам помогают театральные критики?
12:04
35 мин
12:54
6 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как разделить имущество по брачному договору — советы юриста
14:04
43 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Новые возможности госипотеки: на каких условиях кыргызстанцы смогут покупать жилье
16:05
52 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как мотивировать предпринимателей быть добросовестными?
18:06
49 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Будь в курсе
Видео с нарушениями водителей теперь можно отправить в мессенджер ГУОБДД. Как это будет работать?
20:06
41 мин
20:47
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 06:00
06:00
5 мин
Утро хорошего дня
Как работает единственный зоопарк Кыргызстана – беседа с директором Каракольского зоопарка
06:05
44 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Утро хорошего дня
Гипертония и гипотония: как здоровье человека зависит от давления
08:04
40 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Как выбирают профессию пограничника?
12:04
43 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как распознать порок сердца у не родившегося ребенка — беседа с диагностом
14:05
45 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Максимальный репост
Дачники КР требуют решить свои проблемы. Нужен ли для этого новый закон?
16:05
38 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Общая история России и Кыргызстана: как сформировать позитивное отношение к ней у молодежи
18:06
39 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Об экономике и не только
Экономика и безопасность – что обсуждали на Валдайском форуме в Уфе?
20:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

37 жашында өмүрү кыйылган улуу талант. Жолдубай Кайыпов тууралуу 6 факты

© Фото / из личного архива Гульшан МолдоевойЗаслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева
Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обончу, аткаруучу, диктор, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Жолдубай Кайыповдун каза болгонуна бүгүн, 29-мартта, 34 жыл болот. Ал кыргыз элинин жүрөгүндө коңур үндүү ырлары жана теледеги келишимдүү сымбаты менен кала бермекчи.

Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу таланттын элесине арнап, ал тууралуу фактыларды окурмандарга сунуштайт.

Заслуженный деятель культуры, диктор Гульшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоева: "Арноо концертинен" кетем деп көп ирет түйүнчөгүмдү түйгөм
Айыл чарбадан башталган эмгек жолу. Жолдубай Кайыпов 1946-жылы 11-августта Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Он баланын улуусу болгондуктан ата-энесине жардам берип, алардын колуна кол, бутуна бут болгон. Музыкага болгон шыгы да кичинекей кезинен эле билине баштаган. Билим алууну эңсеген болочоктогу талант мектепте 8-классты бүтүргөн соң айыл чарба техникумуна тапшырат. 1963-жылы техникумду аяктап, эмгек жолун Ат-Башыдагы "Пограничник" чарбасында зоотехник болуу менен баштайт.

Жайлоодогу махабат. Жаш зоотехниктин болочоктогу жубайы менен болгон махабаты жайлоодон башталган. Экөө эки башка айылдан болгону менен бир колхоздо жашашчу. Экөөнүн тең аталары топоз багып, балдар бош убакыттарын бирге өткөрүшчү. Кечкисин жаштар тоо койнунда ар кандай оюндарды ойношчу. Эки жаштын жылдызы төп келип, жайлоодон башталган сезимдери күчөп Жолдубай менен Жумабүбү баш кошушат.

Орто Азиянын эң мыкты диктору. Кантсе да жүрөгү чыгармачылыкка жакын болгон Жолдубай Кайыпов райондогу маданий иш-чараларга такай катышып обон созчу. Кыялын ишке ашыруу үчүн үй-бүлөсү менен Фрунзеге көчүп келет. Ошол кезде жаңы ачылган Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун вокал бөлүмүнө тапшырып, 1970-жылдардын башында Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист катары эмгектенет. 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине диктор изделип жаткандыгын угуп, талантын сынап көрүүнү чечет. Өң десе өңү, үн десе үнү бар жигитти баары жактырат. Ал убакта жаш талант болгону 3-курста гана окучу. Ошентип кыргыз элинин назарын өзүнө бурган, улуттук теленин жүзүнө айланган диктор пайда болот. Мунун далили катары 1981-жылы "Орто Азиянын эң мыкты диктору" аталат.

Народная артистка Кыргызстана, оперная певица Дарика Жалгасынова - Sputnik Кыргызстан
Нандын даамын беш жашымда таткам. Дарика Жалгасынова тууралуу 6 факты
Обончу жана аткаруучу. Жолдубай Кайыпов дээриндеги шык-жөндөмүн өчүргөн эмес. Дикторлук менен бирге ырчылык жана обончулукту кошо алып кеткен. Жетимишке жакын обондун автору. "Мекеним", "Атам менен энеме", "Ала-Тоону сагынам", "Атамды ойлоп", "Жашчылык", "Көл үстүндө", "Алгачкы сүйүү", "Таңкы поезд", "Айтылбай калган махабат", "Кел бийлейли, ырдайлы" сыяктуу ырлары элге кеңири белгилүү. Жолдубай Кайыповдун "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы көзү өткөндөн кийин 1985-жылы жарыкка чыккан.

Атам менен энеме. Жолдубай Кайыповдун чыгармачылыгындагы өзгөчө ролду анын "Атам менен энеме" аттуу ыры ээлейт. Ал азыркы жаш муундун элесинде дал ушул ыры менен калды десек аша чапкан болбойбуз. Ырдын сөзүн белгилүү акын Турар Кожомбердиев жазган. Акынга көптөгөн обондор келип түшкөн. Бирок Кожомбердиев алардын ичинен Жолдубай Кайыповдун вариантын жактырган. Жарыкка чыгаары менен болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жеткен ыр азыр да эл сүйгөн чыгармалардын катарында.

Жаш кеткен талант. Улуу талант 1984-жылы болгону 37 жашында мыкаачылардын колунан каза тапкан. Анын жубайы Жумабүбүнүн айтуусунда ошол каргашалуу күнү кечке жуук жолдошу ага чалып, жаңылыктарды окуп бүтөөрү менен балдарын цирктен алып үйгө барарын айткан. Бул жубайлардын акыркы сүйлөшүүсү болгон. Ал түнү балдары үйүнө өзү келген. Түнү менен уктай албай чыккан жубайы эртең менен милициядан Жолдубай Кайыповдун киши колдуу болгондугу тууралуу суук кабарды уккан. Анын артында үч баласы калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0