КТРК "улуттук" болуп өзгөрүп, Байкоочу кеңеши жоюлат. Мыйзам долбоор даярдалды

© Фото / пресс-служба КТРККТРКнын имараты. Архив
КТРКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Жазылуу
Телеканалдын эң жогорку органы аталган Байкоочу кеңешти жоюу сунушталган.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети КТРКны башкаруу маселелерин жөнгө салуу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Аталган документти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бекитип, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Сунушталган мыйзамга ылайык, Коомдук телерадио берүү корпорациясынын (КТРК) макамы өзгөрүп "Улуттук телерадио берүү корпорациясы" деп аталат. Аны менен катар Байкоочу кеңеши жоюлуп, телеканалдын башкы директору президент тарабынан дайындалат.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча Байкоочу кеңеш КТРКнын эң жогорку органы болуп саналат. Анын курамы 15 адамдан түзүлүп, парламент тарабынан шайланат. Ал эми кеңештин мүчөлөрү телеканалдын башкы директорун кызматка бекитет.
Телеканал 2011-жылы "коомдук" макамын алган болчу. Ага чейин "улуттук" жана "мамлекеттик" статусунда иштеп келген.
Кол коюп жаткан аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Ректорлорду дагы президент дайындайт. Жаңы мыйзам долбоору сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0