Азык-түлүктүн баасы өссө бийлик кандай аракет көрөрүн айтты

© Sputnik / Александр КряжевСупермаркетте азык-түлүк алган киши. Архивдик сүрөт
Супермаркетте азык-түлүк алган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
Финансы жана коммерция министри өткөн жылы өкмөттүн аракеттеринен улам баалар анча көтөрүлбөгөнүн билдирди.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети азык-түлүк рыногунда баалардын кескин өсүп кетишине жол бербейт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйыны учурунда маалымдады.
Анын айтымында, баа жасалма жол менен көтөрүлбөш үчүн өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Ошондой эле министр учурда Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү көлөмдө экенин кошумчалады. Буудай жана ундун алты айлык запасы бар экени дагы белгилүү болду.
"Баалар кескин көтөрүлүп кетсе өкмөт чара көрөт. Мисалы, өндүрүүчүлөр субсидияланат жана социалдык маанилүү товарлардын баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынат", — деди Амангелдиев.
Ал өткөн жылы дал ушундай аракеттерден улам баалар анча көтөрүлбөгөнүн кошумчалады.
Кыргызстандын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан Россияга салынган санкциядан улам антикризистик план иштеп чыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0