Жамандыктагы жосунсуз жоруктар. Өлүм чыккан үйгө таарынбайлычы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКуран окуу. Архивдик сүрөт
Куран окуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Жазылуу
Президенттин өлүм чыккан үйдө мал союуга тыюу салган жарлыгын көпчүлүк колдоп, жамандыктагы ашыкча ысырапкерчиликти азайтуу боюнча ар түрдүү пикирлерин жазышууда.
Теманы улай колумнист Таалайгүл Усенбаева жамандыктагы ысырапкерчилик, ыксыз каада, жосунсуз жорук, жакынын жоготкондордун көзүнө өөн көрүнгөн учурларды тизмектеп, ой калчады.
Кыргыздардын жакшылык-жамандыкта чогулуп бириге калганы, жокту бар кылып, баарын таап, уюштуруп, жакынын жоготкон адамга сөөктү узатууга жардам бергени жакшы. Бирок айрым көрүнүштөр чектен ашып кеткендей.

Жаш өмүр соолуп жатса кайдагы салат?

Жакын жеңелерибиздин бири каза болду. Болгону 35 жашта болчу. Артында томсоруп эки баласы калды. Сиңдилери, ата-энеси боз үйдө боздоп отурат. Эртең жерге берилет деген күнү кечинде жеңелери отуруп алып дасторконду сүйлөшө баштады. "Фунчеза, анан дагы бир салат жасайлы" деди бири. Экинчиси "жакшы адам болчу, салат-палат жасап, акыркы сапарга жакшылап узаталы" деди. Жапжаш өмүр соолуп, жакындары кан жутуп отурса кайдагы салат? Келгендер деле салат жеп, шашпай отурганга батынбаса керек. Аңгыча ары жактан улуураак бирөө келип "салат жасабай эле койгула, туура эмес болуп калат" деп кетти.
Өзгөчө жаш адамдар көз жумганда ашыкча шаан-шөкөт кылуунун деле кажети жок го.

Куран менен кошо жарышкан баштыктын үнү

50гө чыга элек киши көз жумду. Эркектер сөөктү алып мүрзөгө кетери менен аялдарды "этке киргиле" деп алып кетишти. Адаттагыдай ар бирине устукан тартылып, даам сызылгандан кийин куран окула баштады. Куран окулуп бүтө электе эле сырттан эки келин кирип, шуудуратып "устукан салганга" деп желим баштык таратып баштады. Баштыктын үнүнөн куран деле угулбай калды.

Боз үйгө отуруп алып "ушакташкан" аялдар

Сөөк жаткан боз үйгө отуруп алып айылдагы ушактан саясатка чейин саймедирешкен аялдар аман болсун. Бир аз чыдап, сыртка чыкканда деле сүйлөшсө болот да. Жок, ал теманы так боз үйдө отурганда айтышы керек.

Устуканга таарынгандар

Жамандыкта да устуканга таарынган адамдар бар. Өлүк чыккан үйгө тамак ичип, курсак тойгузуу үчүн барбайсың да. 80-90го чыккан карыя көз жумса да бир жөн. Анан калса дасторкондун кандай жасалганынан үйүнө чейин сындап кеткен сынчылар көбөйдү. "Мага баштык бербей койду" деп таарынгандар четтен чыгат. Таарынгандай же сөз кылгыдай өкмөт акысыз таратып жаткан гумжардам эмес да. Аны үйгө алып барганда деле курсак тоюп, телегей тегиз болуп кетпейт. Берсе алып, бербесе көп сөз чыгаргандан алыс болсок.
Жакшылыкта негизи көп нерсе билинбей калат. Ага атайын даярданат, камданат. Ал эми жамандык айттырбай келет. Жок дегенде ушундай учурда кеп-сөз, ушактан алыс болуп, тууганбы, кошунабы, таанышпы, жардам беришип, дасторкону жупуну болуп калса кеп кылбай, баштык же устукан албай калса, таарынбасак. Анан да жамандыкта ашыкча эле шаан-шөкөттү кыскартып, маданияттуурак болууга үйрөнсөк деген ой.
Президенттин жаңы чыгарган жарлыгы эртең эле аткарылып кетпесе да ушундай жосунсуз жоруктарга акырындап чек коёр.
P.S. Автордун пикири редакциянын позициясы менен дал келбей калышы мүмкүн.
Эт кесип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Тажияда мал союуну тыюуга баш ийбегендер кандай жазаланат? Сунуштар
Жаңылыктар түрмөгү
0