Бишкекте ууру баштыгын жула качкан пенсионер акыреги сынып, ооруканага түштү. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовКол салуу. Иллюстративдик сүрөт
Кол салуу. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине ("Каракчылык") ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бишкекте ууруга баштыгын жулдурган пенсионер аял олуттуу жаракат алды. Ал эми шектүү кармалып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдирди.
Окуя 24-июль күнү болгон. Улгайган аял үйгө кирип бара жатканда артынан келген эркек киши колундагы баштыгын жулуп, качып кеткен. Ошол учурда 71 жаштагы шаар тургуну тепкичтен ылдый кулаган. Кийин ооруканадан анын мээси чайкалып, акыреги сынганы белгилүү болду.
Бул факт КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине ("Каракчылык") ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Көп өтпөй тартип сакчылары Чүй облусундагы Сокулук районунун 28 жаштагы тургунун шектүү катары кармаган. Ал мурда дагы бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталды.
Ош шаарында Калашников автоматын мыйзамсыз алып жүргөн киши кармалды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2022
Ош шаарында Калашников автоматын мыйзамсыз алып жүргөн киши кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0