Бишкекте ишкерди коркутуп, акча талап кылып жүргөн шектүүлөр кармалган видео

Жазылуу
Ордо калаада ишкерден себепсиз 50 миң доллар талап кылган шектүүлөр колго түшүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, өздөрүн кылмыштуу топтун мүчөлөрүбүз деп тааныштырган адамдар Бишкектеги ишкерлердин бирин коркутуп, үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана анын бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, андан акча талап кылып келишкен.
Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап акча талап кылуу") фактысы боюнча иш козголуп, эки киши ишкерден 200 миң сом акча алып жаткан учурунда кармалган. Колго түшүрүлгөндөрдүн бири 41 жашта болсо, экинчиси 49да. Бирөө буга чейин соттолуп чыкканы аныкталды.
Тема боюнча:
Нарын: балдардын акчасын, телефонун тартып алган дешти. 18 жаштагы шектүү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0