Кыргызстандыктар футбол боюнча дүйнө чемпионатын кайдан көрө алышат

© AFP / ANDREJ ISAKOVICКатардаus футбол боюнча дүйнө чемпионатынын логотиби
Катардаus футбол боюнча дүйнө чемпионатынын логотиби - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Ири спорттук иш-чара 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 20-ноябрь күнү, Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Спорттук маанилүү иш-чараны күткөн жүз миңдеген күйөрмандардын арасында кыргызстандыктар да бар.
Салтка айлангандай эле алгачкы болуп оюнга талаа ээси — Катардын командасы Эквадордун футболчулары менен чыгат. Беттеш Эль-Хаур шаарындагы "Эль-Байт" стадионунда Бишкек убактысы менен саат 22:00дө башталат.
Чемпионаттын оюндарын мамлекеттик КТРК каналы акысыз көрсөтөт. Телеканал чемпионатты өлкө аймагында көрсөтүүгө эксклюзивдү укукка ээ. Оюндарды КТРК жана "КТРК Спорт" каналдарынан түз көрүүгө болот.
Мындын тышкары, биринчиликтин расмий өнөктөшү болгон кыргызстандык уюлдук операторлор да оюндарды көрсөтмөкчү. Айрымдары кошумча акы же акы төлөп катталууну талап кылышы мүмкүн.
Ири спорттук иш-чара 20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда өтөт. Жайында Катарда күн катуу ысыгандыктан чемпионатты салкын мезгилге жылдырышкан.
Budweiser сыра киосктору Катардын Доха шаарындагы Халифа стадионунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты: Катарда стадиондордо сыра сатууга тыюу салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0