Бишкекте интеллектуалдык, инновациялык ресурстар боюнча көргөзмө өтөт

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүDJI продукциялары айыл чарба көргөзмөсүндө. Архив
DJI продукциялары айыл чарба көргөзмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2022
Жазылуу
Иш-чарада долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду издөө даталкууланат.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбор калаада "Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары" көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен маалымдады.
Иш-чара 29-30-ноябрда болот.
"Көргөзмөнүн максаты — Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарын көрсөтүү, жаңы технологияларды жана жабдууларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөө, жаңы бизнес-байланыштарды жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү", — дешти мекемеден.
Көргөзмөнүн негизги тармактары:
айыл чарба;
энергияны үнөмдөө, биринчи жана экинчи энергия булактары;
батареялар, күйүүчү май клеткалары, күн батареялары, биологиялык отун;
медицина, санитария, профилактика, сергек жашоо образы, медициналык технология;
тоо-кен;
жеңил өнөр жай;
экология, айлана-чөйрөнү сактоо, таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү, сууну тазалоо, суу менен камсыздоо, ирригация;
жол, көпүрө, курулуш, техникалык жактан тейлөө жана оңдоп-түзөө технологиялары, жаңы материалдар, жабдуулар;
роботтук техника, өнөр жай жана үй роботтору, автороботтор, сенсорлор;
маалымат жана IT-технологиялар;
билим берүүдөгү инновациялар;
чыгармачылыктагы жетишкендиктер.
Мекемеден көргөзмөгө жеке жана юридикалык жактар катыша аларын кошумчалашты.
Бизнес-форум учурунда документтерге кол коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Кыргызстандын Москвадагы көргөзмөсүндө 10 млрд. рублдик келишим түзүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0