Үч фракция акыйкатчылыкка Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2023
Жазылуу
Өткөн жумада парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин үч фракциясы акыйкатчылыкка экс-депутат Мирлан Жээнчороевдин талапкерлигин көрсөттү.
Тагыраак айтканда, "Альянс", "Ынтымак" фракциялары жана "Элдик" депутаттык тобу биргелешип сунуштап жатат. "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Жээнчороевге мыкты юрист, мыйзамдарды билген кесипкөй тажрыйбасын эске алуу менен токтолушканын билдирди.
Мирлан Жээнчороев 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген. Соңку парламенттик шайлоого "Альянс" партиясынын тизмеси менен катышкан.
Өткөн жумада парламент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон. Анын отставкасын демилгелеген "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Абдрахматова ишин так жөндөп кете албаганын билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2023
Парламент "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке какты
Жаңылыктар түрмөгү
0