Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кадыралиев: саякаттоочуларга "шпаргалка" боло турчу блог тартам

© Sputnik / Асель СыдыковаТуризм боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев
Туризм боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2023
Жазылуу
Туризм боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев саякат тууралуу деталдуу блог тартуу аракеттерин баштаганын билдирди.
2014-жылы студенттик кезде эл аралык жана ички турларды уюштуруп баштаган Күлчоро Кадыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып туризм жаатында билим алган студенттер бир гана китеп окуу менен чектелбеши зарыл экенин айтты.
Кадыралиев: саякаттоочуларга "шпаргалка" боло турчу блог тартам
Анын пикиринде, өлкөгө туристтер көп келиши үчүн мамлекетте саясий туруктуулук орун алышы абзел.
"Туризм жаатында билим алган студенттер бир гана китеп окуу менен чектелбеши керек. 2014-жылы студенттик кезде эл аралык жана ички турларды уюштуруп, алты жигиттен турган команда саякаттоонун бул түрүн биринчилерден болуп баштадык. Башка окуу жайлардагы бизге окшогон студенттер жана башка чоӊ кишилер муну өздөштүрө баштады. Ортодо саякат турларын уюштуруу токтоп калган. Андан тышкары, грек компаниясынын круиздик кемесинде иштеп, бир нече өлкөгө барып, бул жаатта тажрыйба топтодум. Бир нече компанияда гид, тур-менеджер болуп иштедим. Акыркы ирет Германия тышкы жардам берүү агенттиги Жалал-Абад уюмуна эксперт катары чакырып, Сары-Челек, Арсланбап, Чаткал аймактары боюнча туристтик маршруту так белгиленген тур жасап чыктык. Бул "А" чекиттен "Б" чекитке кантип жетсе болорун көрсөткөн туристтик маалыматтык портал болуп эсептелет. Пандемиядан соӊ Бишкекке келип Kyrgyz Friends туристтик фирмасынын тур-менеджери болуп турган кезде "Кыргызстанга келүүгө кырк себеп" аттуу кырк турду камтыган каталог жасадым. Учурда туризм боюнча көз карандысыз эксперт болуп иштеп келе жатам жана саякат блогдорун жасоого быштым деп эсептейм. Ошондуктан Son of Mountains же "Тоолордун баласы" аталышындагы Кыргызстан боюнча саякат тууралуу деталдуу блог тартуу аракеттерин баштадым. Бул саякаттоочуларга "шпаргалка" болуучу блог болот", — деди Кадыралиев.
Ал туризмди өнүктүрүүнүн дагы бир фактору жашоочулардын туризм, саякатка болгон мамилесин, аӊ-сезимин өзгөртүү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0