Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Столтенберг: Украина НАТОго абдан жакындады, бирок азырынча мүчөлүккө чакырылбайт

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүНАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архивдик сүрөт
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Жазылуу
Столтенбергдин пикиринде, азыр Украина үчүн "эң башкысы Европадагы суверендүү мамлекет катары бутуна туруп калуу, андай болбогон чакта НАТОго кирүүнүн мааниси деле болбой калат".
БИШКЕК, 12-июл. – Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг "Украинага НАТОго болуп көрбөгөндөй жакындагандыгын", бирок альянска чакырууну Киев тиешелүү шарттарынын бардыгын аткарып, башка мүчө мамлекеттер макул болгондон кийин гана аларын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"НАТО кеңешин түзүү — Украинанын альянска жакындашы үчүн маанилүү кадам. Бул саммитте союздаштардын жаңы аскердик жардам тууралуу берген убадасын колдойм. Биз көп жылдык колдоонун планын бекиттик... Украина НАТОго болуп көрбөгөндөй жакындады. Союздаштардын бардыгы макул деп, Украина болгон шарттарды аткаргандан кийин гана Украинанын НАТОго кошулушу боюнча чакырууну бекитебиз", — деген Столтенберг Түндүк атлантикалык альянстын Вильнюстагы эки күндүк саммитинин жыйынтыгында.
Уюмдун катчысы НАТО "Украинага аскердик жардам берүү үчүн он миллиарддаган доллар" коротконун айткан.
Альянстын мүчөлөрү кечээ Украинанын көп жылдык колдоонун үч пунктудан турган планын бекитишти. Мында украиналык Куралдуу күчтөрдүн НАТОнун стандарттарына жетиши үчүн биргелешип жардам берүү каралган. НАТО кеңешин түзүү — бул Украинанын Түндүк атлантикалык альянска мүчө болушу боюнча иш-аракеттердин планын аткарбастан кошулуу укугун ырастоо.
Столтенберг азыр Украина үчүн "эң башкысы Европадагы суверендүү мамлекет катары бутуна туруп калуу экенин, андай болбогон чакта НАТОго кирүүнүн мааниси деле болбой каларын" айтты.
Россия НАТОнун соңку жылдары батыштагы чек арасы тарапта активдүү боло баштагандыгын белгилеп келет. Демилгелерин арбыткан альянс бул кадамын "Россиянын агрессиясын ооздуктоо" деп мүнөздөп жүрөт. Москва Европадагы бул уюмдун күчүн улам арбытып, көбөйтүп жаткандыгына түйшөлгөнүн бир нече ирет билдирген. Кремль эч кимди коркутпай тургандыгын, бирок мамлекеттик кызыкчылыгына кооптуулук жаралса аны жөн калтырбастыгын эскерткен. Мындан сырткары, Батыштын Киевди НАТОго сүйрөп жатканы белгиленген. Кремлден Владимир Зеленскийдин башка билдирүүлөрү сыяктуу эле Украинанын НАТОго кириши боюнча суранычынан да, ага жасалган реакциядан да кабардар экенин белгилешти. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва кырдаалга көз салып тургандыгын жана Киевдин бул багыты Россиянын Украинадагы атайын операциясынын себептеринин бири экендигин айткан.
НАТОнун лидерлери Вильнюстагы саммитте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинанын келечегин альянстан көрөт, бирок анын так мөөнөтүн айтышкан жок
Жаңылыктар түрмөгү
0