00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
42 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Между строк
Хитросплетения отношений героев романа «Ногти» Михаила Елизарова
18:05
34 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
10 лет ЕАЭС, депутаты ЖК одобряют отмену моратория на добычу урана, Бишкек «закрылся» на ремонт
14:04
46 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Монтаж в фокусе: профессия, которая меняет кино
18:06
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда бюджеттик каражатка тендер өткөрүү жокко чыгарылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров кол коюу учурунда. Архив
Президент Садыр Жапаров кол коюу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2023
Жазылуу
Документте татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алып салынган жана кайра каралган.
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" документке кол койду.
"Мыйзам мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан. Мыйзамда мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле "тендер" түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Бул мыйзам менен Кыргызстандын 13 мыйзамына өзгөртүү киргизилет", — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге мамлекеттин жана калктын ар кандай товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында:
татаал, ишке ашырылбаган механизмдер алып салынган жана кайра каралган;
сатып алуулар планын өзгөртүүдө жол-жоболор кыскартылган;
"бир булактан" методун колдонуу учурлары кеңейтилген.
Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү функциясы каралган.
Электр линияларын мамылары күн батышын фонунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Кыргызстанда 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0