Кыргызстандыктар эми Сауд Арабияга электрондук виза менен бара алат

Мекка шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Сауд Арабия Кыргызстандын жарандарына өлкөгө электрондук виза менен кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Сауд Арабия Падышалыгынын Туризм министрлиги билдирди.
Анда виза берүү процедурасы жөнөкөйлөтүлгөнү белгиленген. Маалыматта виза алуу үчүн электрондук түрдө же ал жакка учуп жатканда эле дароо арыз тапшырса болору жазылган.
Кыргызстандан сырткары мындай жеңилдиктер Албания, Азербайжан, Грузия, Молдова, Түштүк Африка, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттерине берилди.
Электрондук визаны туризм, умра (кичи ажылык), бизнес багытында жана дос-туугандарынан кабар алууга бараткандар ала алышат.
Президент Садыр Жапаров Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Жапаров араб өлкөлөрүнүн башчыларына КР менен визасыз зона түзүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0