Көлдө төрөт маалында дарыгерлер ымыркайдын акырегин сындырып алып, иликтөө башталды

© AFP / PHILIPPE HUGUENЫмыркай. Архивдик сүрөт
Ымыркай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Окуяга тиешеси бар бардык медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык да баа берилет.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 14-августта Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө болгон. Маалыматта ымыркайдын акыреги төрөт учурунда сынып кеткени айтылат.
“Төрөттүн ар бир этабында медициналык стандарттардын сакталышын текшерүү үчүн атайын топ түзүлдү. Ал окуянын бардык жагдайын тактайт жана ага медициналык баа берет”, — деп билдирди министрлик.
Ошондой эле ички иштер органдары бул факт боюнча өз алдынча иликтөө иштерин баштаганы айтылды. Окуяга тиешеси бар бардык медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык да баа берилип, мыйзам бузуулар аныкталса эң катаал чаралар көрүлөрү кошумчаланды.
Учурда эне-балага керектүү болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Ооруканада жаткан бөбөк. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Эмдөөдөн өткөн эмес. Кыргызстанда кызылчадан эки бөбөк чарчап калды
Жаңылыктар түрмөгү
0