ЕАЭБ менен Египет келечектүү келишимге кол коюу ниетин бекемдешти

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүКаир шаары. Архивдик сурөт
Каир шаары. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Макулдашуу өлкөлөрдүн ортосундагы инвестицияларды кеңейтип, көбөйүшүн шарттай турганы айтылды.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Москвада ЕАЭБ менен Египеттин ортосундагы эркин соода аймагы боюнча макулдашууну бекитүү жаатындагы сүйлөшүүлөрдүн алтынчы раунду болуп, тараптар ага кол коюу ниетин билдиришкен. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) маалымат кызматынан кабарлашты.
ЕАЭБ менен Египеттин ортосунда товарлардын кеңири түрү боюнча өз ара сооданы ишке киргизүүгө өбөлгө болгон соода-экономикалык тыгыз байланыштар түзүлгөн.
"Келишимдин Египетти Африкага "дарбаза" катары караган ЕАЭБ ишканалары үчүн египеттик өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө негиз түзгөн келечеги бар. Макулдашуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы инвестицияларды кеңейтип, көбөйүшүн шарттайт. 15-17-августта болгон диалогдун жыйынтыгында тараптар дымактуу келишимди түзө тургандыгын тастыкташты", — деп айтылган маалыматта.
ЕЭКтин Соода саясаты боюнча департаментинин директорунун орун басары Михаил Черекаев документтин ченемдик-укуктук бөлүгүнүн айрым жерлерин макулдашууда майнаптуу иш болгонун белгилеген.
"Калган маселелерди сессиялар аралык форматта кечиктирбей чечүү боюнча мындан аркы кадамдарды сүйлөштүк", — деп кошумчалаган Черекаев.
Россия ТИМинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
РФ ТИМи: Латын Америкасы жана Африка ЕАЭБ менен соода жүргүзүүгө кызыгууда
Жаңылыктар түрмөгү
0