Электрондук кол тамга. ЕАЭБдеги бизнесмендердин иштөө процесси жөнөкөйлөдү

© AP Photo / Seth WenigЭлектрондук кол тамга. Архивдик сүрөт
Электрондук кол тамга. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жазылуу
Жаңы кабыл алынган чечим административдик чыгымдарды алда канча азайтат.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин ар кайсы өлкөлөрүндө компаниялар бир эле электрондук санарип кол тамганы мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүү үчүн колдоно алышат. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
ЕЭКте биримдиктин аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүдө электрондук трансчекаралык B2G (Business-to-Government, мамлекет үчүн бизнес) кол тамгасын таануу эрежеси бекитилген.
“Жаңы эреженин кириши менен ар бир өлкө үчүн электрондук санарип кол тамгасын өзүнчө алуу талап кылынбайт. Бул иштөө процессин алда канча жөнөкөйлөштүрөт жана административдик чыгымдарды азайтат”, — деп билдири ЕЭК.
Азыркы жасалган кадам келечекте мамлекеттер аралык сооданын жана биримдиктин интеграциясын өнүктүрүүгө өбөлгө болору белгиленди.
Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына каралган артыкчылыктар. Видеотүшүндүрмө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына каралган артыкчылыктар. Видеотүшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0