Министрлик: өнөктөштүк төрөтүнө тыюу салынган жок, карантинде токтотулган

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүОоруканада иштеп жатканда дарыгерлер. Архив
Ооруканада иштеп жатканда дарыгерлер. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
Чектөө мамлекеттик төрөт үйлөрүнө гана тиешелүү, жеке клиникалар өз тандоосуна жараша иштей берет.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштүк төрөткө тыюу салынбаганын, COVID-19га байланыштуу токтотулганын билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, карантинден кийин эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болбой, ар кандай жугуштуу ооруулар жайылып жаткандыктан кайра уруксат берилген эмес.
"COVID-19дан кийин башка штаммдар чыкты, буга байланыштуу эч ким өнөктөштүк төрөтүн жандандыруу маселесин көтөргөн эмес. Азыр кызамык көп аныкталууда, андыктан мындай төрөткө уруксат бериле элек", — деп айтылат кабарда.
Министрликтин маалымат кызматы аталган чектөө мамлекеттик төрөт үйлөрүнө гана тиешелүү экенин белгиледи. Жеке клиникалар өзү каалагандай иштей берет.
Бүгүн парламентте саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда өнөктөштүк төрөткө тыюу салынганын айткан.
Өнөктөштүк төрөт — толгоо тартып жаткан аялдын жанына жакындарын киргизүү. Көпчүлүк учурда күйөөсү төрөткө катышат.
Врачи с новорожденным ребенком. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Шалаакылык кимден кетти? Төрөттө ымыркайдын акыреги сынган окуянын чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0