Мэрия: жол киренин көтөрүлүшүнө элдин көбү каршы эмес

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги коомдук транспорттун иштеши. Архив
Бишкектеги коомдук транспорттун иштеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2023
Жазылуу
Сазыкулов жыл аягына чейин Бишкекте баш-аягы 850дөй автобус, троллейбус жүрүп каларын билдирди.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жол кирени көтөрбөсөк беш жылдан кийин биздин айдоочу мекемелер банкрот болуп, эски автобустар менен калат. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
"Жол кирени коомдук транспорт менен жүргөндөр үчүн шартты жакшыртуу максатында жогорулаталы деп жатабыз. Жол кире 20 сом болсо эл деле колдоп берет деп ойлойм. Интернеттеги сурамжылоодо жарандардын 56-57 пайызы "шарт түзүлсө, автобустар жаңы болсо, убагында келип турса 20 сомго макулбуз" деп жооп бериптир. 41 пайызы кымбат деген ойлорун айтыптыр. Андай пикир дагы болуш керек", — деген ал.
Сазыкулов жыл аягына чейин Бишкекте баш-аягы 850дөй автобус, троллейбус жүрүп каларын айтып, алардын жүрүү графиги да өзгөрүлө турганын кошумчалаган.
"Коомдук транспорт таңкы саат 5:30дан кечки 11:00гө чейин жүргүдөй кылып графигин өзгөртүп жатабыз", — деген вице-мэрдин милдетин аткаруучу.
Эске салсак, буга чейин мэрия ордо калаада коомдук транспорттун жол кире акысын 20 сомго көтөрүүнү сунуштап, себебин түшүндүргөн.
Бишкектеги Кытайдан чыгарылган жаңы автобустар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Мэрия жаңы автобус айдоочуларын кабыл алууда талаптарды күчөтөт. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0