Газадагы ооруканалардын комплексине сокку урулуп, кеминде 8 адам каза тапты

© AFP / SAID KHATIBСектор Газага Израиль тараптан сокку уруу. Архивдик сүрөт
Сектор Газага Израиль тараптан сокку уруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Израилдин армиясы Газадагы Насер ооруканалардын комплексине сокку уруп, кеминде сегиз адам набыт болду. Бул туурасында РИА Новости Al Jazeera телеканалына таянуу менен жазды.
Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жаракат алгандар ондоп саналат.
Медициналык комплекске балдар ооруканасы, офтальмология жана психиатриялык борборлор, адистештрилилген клиника кирет. Дал ошол жерге Израиль тараптан атылган ракета түшкөн.
Мындан сырткары, ооруканалардын жака-белине атылган ракеталардан эки адам каза таап, бир нече киши жарадар болгон.
Израилдин аба соккуларынан кийин Газа тилкесиндеги талкаланган имараттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2023
БУУ Газадагы согушта болуп көрбөгөндөй жоготууга учураганын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0