Барпы атындагы кыргыз драма театры Бишкекке гастроль менен келет

© Фото / соцсети Кыргызского драмтеатра им. БарпыЖалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Жазылуу
Жалал-Абаддын драма театрынын артисттери Бишкекте өнөрүн тартуулашат
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театры Бишкекке чыгармачылык гастроль менен келерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Театрдын артисттери акын жана драматург Алтынай Темированын калемине таандык, режиссёр Назгүл Мырзаканованын "Генийдин үрү" драмалуу спектаклин борбор калаанын жашоочулары менен конокторуна тартуулашмакчы.
Спектакль 22-ноябрда саат 18:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында башталары кошумчаланды.
Белгилей кетсек, сентябрда театрлар өлкө аймактарына гастролдорун баштаган.
Талкуу жараткан “Күн кармаган бала” ТҮРКСОЙ фестивалында жеңүүчү болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2023
Талкуу жараткан “Күн кармаган бала” ТҮРКСОЙ фестивалында жеңүүчү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0