Украина бөлүнүп-жарылууга кантип кадам таштады. Видео

© AFP / SERGEI SUPINSKYУкраина желеги. Архивдик сүрөт
Украина желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Жазылуу
Ак үй шайлоого эки жыл калганда Украинадагы "демократияны өнүктүрүүгө" 65 млн. долларга жакын акча коротконун жашырган жок.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. 2004-жылы дал ушул күнү Боршайком берилген добуштардын жыйынтыгын чыгарып, экинчи турда (49,42 пайыз) жеңишти Виктор Януковичке ыйгарган.
Киев бийлигинин ыңкылапка кантип бөлөнүп, кызгылт сары түстү энчилеген башаламандык өлкөнүн турмушуна эмне алып келгени боюнча видеону Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Муну Россия, КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар мыйзамдуу деп айтышкан. Бирок Украинадагы сот адилеттиги мыйзамдар менен эмес, көчөдө чечилген.
АКШ, ЕБ мамлекеттери шайлоо жыйынтыгын бир ооздон жасалма деп айтышты.
Расмий түрдө утулуп калган талапкер Виктор Ющенконун тарапташтары Киевде майданга чыгып, аны жеңүүчү деп жарыялап жиберишти.
Ак үйдөн шайлоого эки жыл калганда Украинадагы "демократияны өнүктүрүүгө" 65 млн. долларга жакын акча коротконун жашырышкан жок.
Оппозицияга деген акчалар Польша-Америка-Украина демилгелеринин кызматташуусу аркылуу келген.
Кызгылт сары түстү өзүнө энчилеген нааразылык акциясы Украинанын Жогорку сотунун БШКнын шайлоо жыйынтыгы боюнча чечимин жокко чыгаруу менен аяктады.
Өлкөнүн тарыхында биринчи ирет кайра шайлоо дайындалып, 2004-жылы 26-декабрда 8 пайыз ашыкча добуш менен Ющенко жеңип кетти.
Euro RSCG & Partners берген маалыматтарга таянсак, анын үй-бүлөсү акыркы жылда эле "кызгылт сары" символикалары колдонулган продукцияларды сатуудан 100 миллион долларды чапчыган кирише тапкан.
Украинанын тагдырына балта чапкан 10 жыл мурдагы Евромайдан. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Украинанын тагдырына балта чапкан 10 жыл мурдагы Евромайдан. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0