Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Газ койдура тургандарга берилчү насыяга 1 млрд. сом каралды

© Sputnik / Табылды КадырбековГаз жана акча. Архивдик сүрөт
Газ жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
150 миң сомго чейинки насыялар 8-12 пайыз менен кепил боло турган тараптарсыз, баштапкы төлөмсүз берилмекчи.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун жашоочуларына газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыялар каралып, ага жалпысынан 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу "Айыл банктын" башкаруучулугунун төрагасы Жанар Норузбаев айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Бийлик Бишкектеги конуштарды газдаштырууну кантип тездетет?" деп аталган брифингге катышкан.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Айыл банктын" башкаруучулугунун төрагасы Жанар Норузбаев
Заместитель председателя правления ОАО Айыл банк Жанар Норузбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
"Айыл банктын" башкаруучулугунун төрагасы Жанар Норузбаев
"Бул долбоор ыш менен күрөшүү үчүн иштелип чыккан. Мамлекет көмөк көрсөтүп, "РСК Банк" жана "Айыл банк" аркылуу 1 миллиард сом (ар бир банкка 500 млн. сом) карады. Экөөндө тең шарттар бирдей", — деди Норузбаев.
Төрага газдаштырууга каражатты турак жай жана коммерциялык имараттардын ээлери, жеке жана юридикалык тараптар, андан сырткары, ишкерлер да алса болорун белгиледи.
Акча курулуш-монтаждоо иштерин жасоого, керектелүүчү материалдарды алууга, газ менен жылыта турган жабдууну алып жана орнотууга берилерин айтышты. Ошондой эле мурдагы газдаштырууга алынган насыяны рефинансылоого да каралган. Эске салсак, жазында эки банк тең кредит берип, бирок пайыздары азыркыдан жогору болгон. Андан кийин мамлекеттин колдоосу менен насыя жеңилдетилген шартка өткөрүлгөн.
150 миң сомго чейинки насыялар 8-12 пайыз менен кепил боло турган тараптарсыз, баштапкы төлөмсүз берилмекчи.
Газпром Кыргызстан компаниясынын кызматкерлери газ коюу учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Пресс-борбор
Бишкек үч жылда газдаштырылып бүтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0