Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова толугу менен акталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСудьянын иш орду. архивдик сүрөт
Судьянын иш орду. архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
Тергөө учурунда тагылган айып башка беренеге өзгөртүлгөн.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жогорку сот Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекованы толугу менен актады. Бул тууралуу анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.
Тилекова УКМК тарабынан былтыр майда опузалап пара талап кылууга шектелип кармалган. Кийин анын жашы жете элек балдары бар экени эске алынып үй камагына чыгарылган. Ушундай эле берене менен Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайлымышева да айыпталган. Ал дагы акталып, кайрадан өз кызматына отурду.
Адвокат Абакированын айтымында, тергөө учурунда тагылган айып "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ишине катышуу" беренесине которулуп, акталышкан.
Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Кыргыз опера жана балет театрынын директору кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0