Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык генерал Украинадагы мобилизация тууралуу айтты

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраиндик аскерлер. Архивдик сүрөт
Украиндик аскерлер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Жазылуу
Украинада 2022-жылдын февралынан тарта аскердик абал режими кирип, жалпы мобилизация тууралуу жарлык иштеп келет.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Америкалык генерал, АКШ армиясынын Европадагы күчтөрүнүн бирин мурда башкарган Бен Хожес аскерге жарактуу курактагы украиналыктарды мобилизациялоо боюнча пикирин билдирген.
Анын айтымында, "Украинада аскерге чакырылуучу курактагы аялдар менен эркектер көп жүрөт, аларды армияга алыш керек".
Генерал чет жактардагы украиналыктар туурасында да оюн билдирген.
"Андан сырткары, Германияда, Польшада жана Румынияда миңдеп жүрүшөт. Украинада бул системаны оңдоп, ден соолугу чың эркектер менен аялдарга аскердик форма кийгизүү шарт", — деген Бен Хожес.
Эскерте кетсек, Украинада 2022-жылдын февралынан тарта аскердик абал режими кирип, жалпы мобилизация тууралуу жарлык иштеп келет. 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган. Аскердик милдетинен баш тарткандар беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Украинанын аскерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский жарым миллион кишини мобилизациялоо сунушу түшкөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0