Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Түркия Зеленскийге сүйлөшүүгө тыюу салган чечимин кайра кароону сунуштады

© AFP / SERGEI SUPINSKYУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2023
Жазылуу
Аналитик учурда эки мамлекетте сүйлөшүүлөрдүн негизги өбөлгөлөрү түзүлүп, макулдашуу бышып жетилип калгандай болуп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Москва менен Киевдин кепке келүүсүнө негизги өбөлгөлөр түзүлүп калды, Владимир Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөргө тыюу салган чечимин кайра карап чыгышы керек. Бул туурасында түркиялык серепчи Энгин Өзер айтканын РИА Новости жазды.
"Азыркы шартта тынчтык келишимине кол коюу кыйыныраак болот. Аскердик кылмышкерлердин соту, чек араларды аныктоо, делимитация жана компенсация сыяктуу маанилүү маселелер турат. Эл аралык практика эки тараптын бири капитуляция болмоюнча сүйлөшүп бир пикирге келүү мүмкүн эместигин көрсөтүүдө", — деген аналитик.
Россия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев буга мыйзам жолу менен тыюу салган. Кремлден Москва үчүн атайын операцияда башкы максатка жетүү маанилүү багыттардын бири болуп тургандыктан азыр тынчтык нукка өтүүгө эч кандай өбөлгө жоктугун белгилешкен эле. Анткен менен Путин Россия Украина кризисин жөнгө салууга негиз болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн эч качан баш тартпагандыгын айткан. Кремлден Москванын талабы башынан белгилүү экенин, Украинадагы абал де-факто кырдаалды жана азыркы учурдагы шарттарды эске салып тынч нукка жылышы мүмкүн экенин белгилешкен.
Кийинчерээк Путин эгерде Украина диалогду кааласа, анда артисттик кылбай Россия менен сүйлөшүүгө тыюу салган декретти жокко чыгарышы керектигин дагы бир ирет баса белгилеген. Анын айтымында, Россия Украинадагы чатактын тынчтык жолу менен басылышына каршы болгон эмес, бирок мында РФтин коопсуздук кепилдиги сакталышы керек.
"Мындай макулдашуу — коопсуздук кепилдигинин сакталышы, туткундарды алмашуу, жарым-жартылай компенсация жана качкындардын мекенине кайтышы. Учурда сүйлөшүүлөрдүн негизги өбөлгөлөрү түзүлүп, кепке келүү бышып жетилип калгандай пикир жаралууда. Бирок сүйлөшүү үчүн негизги катышуучуларга, албетте, процесстен дипломатиялык маневр аркылуу өтүүгө туура келет. Бул жасалган кадамды эки мамлекеттин коомчулугу артка чегинүү катары кабыл албашы үчүн керек болот", — деген аналитик.
Өзердин айтканына караганда, аталган иш-чараны бүгүнкү күндө "Стамбул-2" форматынын шартында өткөрүүнүн зарылдыгы жок.
"Тынчтык сүйлөшүүлөрдү Украина менен Россиянын үчүнчү, ортомчу мамлекеттерди катыштырбай көзмө-көз өткөрүүсү процессти тездетмек", — деген Өзер.
Россия атайын операцияны 2022-жылдын 24-февралында баштаган. РФ президенти Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Ал атайын операция Россиянын "башкача кылганга (Батыш — ред.) ылаажы калтырбагандан кийинки аргасыздан жасаган кадамы" экенин айткан. "Коопсуздук жаатында башкача жол менен реакция кылууга мүмкүн эмес болгонун" белгилеген.
Путиндин айтымында, Москванын НАТО менен Европадагы коопсуздук принциптери тууралуу 30 жылдан бери сүйлөшүүгө жасаган аракетинен майнап чыкпай алдамчылыкка, басымга кабылып келет. Ал арада альянс эскертүүлөргө карабай Россиянын чек арасына жакындагандан жакындоодо.
Президент РФ Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.12.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай басылмасы: Жакында Зеленский Путинден сүйлөшүү жолуна өтүүнү суранат
Жаңылыктар түрмөгү
0