Бишкекте аял антибактериялык препарат сайылгандан кийин көз жумганы айтылды

© Sputnik / Георгий Зимарев / Медиабанкка өтүүМедикалык адис шприц менен. Архив
Медикалык адис шприц менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2023
Жазылуу
Ушу тапта дарыга болгон терс реакциянын себептери такталууда.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкекте №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 55 жаштагы аял экстенбензатин антибактериялык препараты сайылгандан кийин көз жумганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта ийне сайылгандан кийин бейтаптын башы айланып, аба жетпей, эсин жоготуп, эриндери көгөрүп кеткени айтылат. Ыкчам медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай аял каза болуп калган.
"Жүрөк оорусунан жабыркаган бейтап жашаган жери боюнча аталган борбордо кардиореавматологдун каттоосунда турган. Антибактериялык препарат дарыгери тарабынан дайындалган, антибиотикти буга чейин да алып жүргөн. Алдын ала жүргүзүлгөн анализ аталган препарат Кыргызстандын аймагында каттоого алынганын, сапаты текшерилгенин көрсөттү. Ушу тапта дарыга болгон терс реакциянын себептери такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Дары-дармек департаменти жыл башынан бери дарылардын өз алдынча орунсуз пайдаланылган, дарыгердин көрсөтмөсү жок антибактериялык препараттардын ыксыз колдонулган учурлары көбөйүп кеткенин белгилөөдө.
"Амбулатордук дарылануудан өтүп жаткан бейтаптар таблетка түрүндөгү антибиотиктерди ичиши керек. Антибактериялык препараттар дарыгердин рецеби менен гана сатылышы кажет. Терс реакциялар тууралуу бейтаптар да, медиктер да маалымдар кылып турушу зарыл", — деп эскертти департамент.
Кайрылуу үчүн телефондор:
департамент менен ыкчам байланышуу үчүн — 0(800) 800 26 26;
www.pharm.kg сайтында электрондук картаны толтуруу;
MedSafety мобилдик тиркемеси;
dlsmi@pharm.kg электрондук дареги;
факс: 21 05 08.
Кылмыш ишинин козголуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2023
Стоматология борборунда 3 жашар кыздын чарчап калышы боюнча иш козголду
Жаңылыктар түрмөгү
0