Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги

© Фото / Департамент физической культуры и спорта КР2023-жылы Ханчжоудагы жайкы Азия оюндарында балбан. Архив
2023-жылы Ханчжоудагы жайкы Азия оюндарында балбан. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.01.2024
Жазылуу
Узаган жылы ата мекендик спортчулар көптөгөн ийгиликтерди багындырып 812 медалга ээ болду. Эл аралык аренада өлкө желеги желбиреп, Парижде өтө турган Олимпиадага беш жолдомо алышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2023-жылдагы спорттогу жетишкендиктерди тизмектейт.

Тарых жараткан боксчулар

Өткөн жылдын башында кыргызстандык Бакдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Катар кубогу эл аралык турниринде алтын утуп, жаңы жылды ийгилик менен баштаган. Ошол эле мелдеште Эмил Молдодосов күмүш байгеге ээ болгон. Көп өтпөй өлкөнүн бокс боюнча жаштар курама командасы Таиланддын Бангкок шаарындагы Азия чемпионатында жети коло медалга татыса, февраль айында боксчу Эркин Адылбек уулу Венгрияда өткөн абройлуу эл аралык турнирде алтын медаль уткан.
Алардын ийгиликтерин кийин май айында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу улап, Ташкентте өткөн бокс боюнча дүйнө чемпионатында колого татып, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу медаль утту. Ага президент Садыр Жапаров батир белек кылса, кыргызстандык дүйнө чемпиону Дмитрий Биволго акчалай сыйлык берди. Күздө дагы бир мекендешибиз Амантур Жумаев Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Жыл соңунда Токмокто төрөлүп-өскөн Дмитрий Бивол британиялык Линдон Артур менен беттешти. Дмитрий раунддардын бардыгында үстөмдүк кылып бокс боюнча эки уюмдун версиясы менен дүйнө чемпиону аталды.

Элдин сыймыгына айланган балбандар

Кыргызстандык балбандар 2023-жылы бир катар эл аралык мелдештерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды. Апрель айында Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында бүйүр кызыткан беттештерди өткөрүштү. Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков алтын, Үзүр Жүзүпбеков күмүш, Раззак Бейшекеев, Адилхан Нурланбеков жана Роман Ким коло тагынды. Анда грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда жалпы эсепте экинчи орунду ээледи. Биринчи орунга Иран, үчүнчүгө Казакстан командалары чыккан.
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык үч балбан аталган чемпионатта бир күмүш, эки коло медаль тагынса, кыздар арасында Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы күмүш, Калмира Билимбек кызы коло уткан. Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшүп, алган жаракатынан улам беттешти соңуна чыгара алган эмес.
Андан сырткары, алар сентябрь айында Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло утуп Кыргызстан алдыңкы үчтүккө кире алды. Анда Япония биринчи, АКШ экинчи орунга илинген.
Аталган чемпионатта Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков чемпион аталып, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байгеге татып, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты.
Ошондой мыкты жетишкендиктерден улам Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) жыл соңунда Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызын кыз-келиндер арасында дүйнөнүн мыкты балбаны, Акжол Махмудовду 2023-жылдын доминант балбаны деп тапты. Кыргызстандык Азат Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азия алкагындагы мыкты машыктыруучу аталды.
Боксчу Дмитрий Бивол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2023
Бивол эки жагына эки курду тагынды. Спортчунун жеңишинин видеосу

Түрдүү уюмдарда жылдызы жанган мушкерлер

Ата мекендик мушкерлер жыл ичинде бир катар эл аралык спорттук уюмдарда күч сынашты. 2023-жылдын башында 25 жаштагы Адилет Нурматов жеңил салмактагы OPEN FC чемпиону аталса, ошол эле айда Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду.
WEF Global, M-1 Global, Eagle FC уюмдарында беттешип, чемпион болгон Бусурманкул Абдибаит уулу кийин "Найза-51" турниринде жеңүүчү аталды. Ошондой эле дүйнөдөгү эң абройлуу делген UFC уюмунда алгачкы кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу дебюттук беттешин ийгиликтүү өткөрүп көпчүлүктү кубантты.
Ал эми Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко 2023-жылдын март айында мексикалык Алекса Гроссо менен күч сынашып чемпиондук курун алдырып жиберди. Шевченко сентябрь айында реванштык беттеш өткөрүп, эсеп тең чыккан. Мекендештер "сары кыздын" ийгиликтерин чыдамсыздык менен күтүүдө.

Кыргызстандын Азия оюндарындагы ийгиликтери

Күзүндө Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарына 45 өлкөдөн келген өкүлдөр катышты. Кыргызстандын намысын 160 атлет коргоп, алар 23 спорттун түрү боюнча ат салышты. Улуттук курама команда Азиададан төрт алтын, эки күмүш, тогуз коло медаль тагынды. Дзюдочу Эрлан Шеров алтын медалга ээ болуп, ал Кыргызстандын дзюдо спорту боюнча алган алгачкы алтын болуп тарыхта калды.
Мамлекет Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) жана Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) 1 миллион 250 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды. Күмүш медаль алган Адилет Шадыканов (каратэ) менен Нурзат Нуртаевага (кыз-келиндер күрөшү) 750 миң сомдон берсе, колого татыган Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Назим Нурланов, Кымбат Тойтонова (каратэ), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазарев (эркин күрөш) 500 миң сомдон алды.
Пара Азия оюндарында дзюдо боюнча 48 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга, Гүлназ Жүзбаева коло медалга ээ болду. Ал оюндарга Кыргызстандын атынан 27 спортчу катышкан.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2023
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде эки кыргызстандык балбан кыз 1-сапка чыкты

Дүйнөлүк рекорд жаратып Гиннеске киргендер

Кыргызстандык спортчулардын ичинен дүйнөлүк рекорд жараткандар да болду. Алсак, жыл башында сууда сүзүүчү Денис Петрашов Атлантика конференциясы чемпионатында биринчи орунду алып, турнирде рекорд жаратты. Ал 1:50:51 мүнөттө брасс ыкмасы менен 200 метр аралыкка сүзүп дүйнөлүк рекордду жаңылады. 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына лицензия жеңип алган спортчу жыл соңунда АКШдагы ачык чемпионатка катышып 100 метрлик аралыкты брасс ыкмасы менен 59,46 секундда сүзүп өтүп, олимпиада чемпиону Майкл Эндрюну да артта калтырды.
FIFA уюмунун футзал боюнча экс-рефериси Нурдин Букуев Гиннестин рекорддор китебине кирди. Мекендешибиз футзал боюнча дүйнө чемпионаттарында тейлеген оюндарынын саны боюнча рекорд койгон алгачкы рефери болду. Букукев карьерасын 1996-жылы баштап, 2006-жылы эл аралык категориядагы арбитр боло алган. Кыргызстандык адис Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионаттарын тейлеген.
Жылдын мыкты жаңылыгы Жалал-Абад шаарында "Барселона" футбол академиясынын ачылышы болду. Ага "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта, клубдун өкүлдөрү келди. Академия эми жаш футболчуларды өстүрүп чыгарат деп үмүт кылалы.
Баса, дүйнөдө кеңири тарап келе жаткан киберспорт боюнча биздин үч команда IESF RQ23 - Central Asia мелдешинде Борбор Азия биринчилигин багындырып, дүйнөлүк чемпионатка жолдомо ала алышты.
Жыйынтыктап айтканда, 2023-жылы кыргызстандык спортчулар 812 медалга ээ болду. Анын 258и — алтын, 241и — күмүш жана 313ү коло болду. Өлкөдө 206 эл аралык спорттук иш чара өтүп, биздин спортчулар чет жакта 254 мелдеште татыктуу күч сынаша алды.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2023
Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиядагы мыкты машыктыруучу деп аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0