Жалал-Абадда жаңы төрөт үйү курулуп жатат. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Минздрава КРСтроительство перинатального центра в Джалал-Абадской областной клинической больнице
Строительство перинатального центра в Джалал-Абадской областной клинической больнице                                      - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2024
Жазылуу
Имарат 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы болмокчу.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жаңы перинаталдык борбордун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРСтроительство перинатального центра в Джалал-Абадской областной клинической больнице
Строительство перинатального центра в Джалал-Абадской областной клинической больнице                                      - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Строительство перинатального центра в Джалал-Абадской областной клинической больнице
Капсула салуу иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев менен ЖК депутаты Айбек Маткеримов катышкан. Алар борбордун курулушу төрөт кызматтарын жакшыртарына ишеним артышты.
Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараевдин айтымында, перинаталдык борборго бюджеттен 220 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ал 75 аялга ылайыкталып, 4 төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бир-бирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөрүн айтышты.
Балдар бейтапканасындагы невропатолог ымыркайдын ден соолугун текшерип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2024
Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жумушка чакырат
Жаңылыктар түрмөгү
0