Саламаттык сактоо министрлигинде 106 млн. сомдук мыйзам бузуулар аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлиги. Архивдик сүрөт
Саламаттык сактоо министрлиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2024
Жазылуу
Тиешелүү материалдар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 105 миллион 999,8 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.
Палатанын отурумунда министрликтин 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралган. Натыйжада бир катар каржылык тартип бузуулар аныкталган, атап айтканда:
өлкөнүн бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар — 3112,6 миң сом;
бюджеттик тутумдун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер — 55378,4 миң сом;
мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер — 9819,4 миң сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу — 26 939,8 миң сом;
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды бузуулар — 10749,6 миң сом.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун ишине байланышкан материалдар укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн.
Столдун үстүндө үйүлгөн сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Таласта билим берүү бөлүмүндө бюджеттик акчадан 11 млн. сом уурдалганы аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0