Кыргызстанга коронавируска каршы миңдеген доза вакцина келди

© Фото / пресс-служба Минздрава КРКыргызстанга коронавируска каршы миңдеген доза вакцина келди
Кыргызстанга коронавируска каршы миңдеген доза вакцина келди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Жазылуу
Өлкөдө COVID боюнча кырдаал туруктуу болгону менен, эмдөө ооруну алдын алууга жана өрчүп кетүү тобокелдигин азайтууга жардам берери белгиленди.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы 20 миңден ашык доза вакцина келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
© Фото / пресс-служба Минздрава КРПрибытие доз вакцины от коронавируса в Кыргызстан
Прибытие доз вакцины от коронавируса в Кыргызстан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2024
Маалыматка ылайык, Республикалык иммунопрофилактика борборунун кампасына 20 160 доза вакцина келип түшкөн. Алар өлкө боюнча эмдөө пунктуларына таратылат.

“Өлкөдө COVID боюнча кырдаал туруктуу болгону менен, эмдөө ооруну алдын алууга жана өрчүп кетүү тобокелдигин азайтууга жардам берет”, - деп жазылган маалыматта.

COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген вакциналардын жалпы баасы 136 миң долларды түзгөн.
Эмдөө ала турган мекемелердин даректерин www.privivka.kg жана www.med.kg сайттарынан тапса болот.
Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин врач-эпидемиологу Султан Суранбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.01.2024
Радио
Суранбаев: учурда коронавирус мурдагыга салыштырмалуу жеңил өтүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0