Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду мамлекетке 192,8 млн сом зыян келтирген

© Sputnik / Табылды КадырбековСейф. Архивдик сүрөт
Сейф. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду мамлекетке 192 миллион 843 миң сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көзөмөл органынын кызматкерлери аталган фондду текшерген.
"Анда фонддун жооптуу кызмат адамдары 2019-2022-жылдар аралыгында кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жеке жактар менен коррупциялык байланыш түзүп, айрым жеке тараптардын кызыкчылыгы үчүн каражатты мыйзамсыз бөлүштүргөн бир катар коррупциялык аракеттерге барышкан. Мунун натыйжасында мамлекетке 192 миллион 843 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталды", — деп жазылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча иш козгоп, тергөө жүргүзүүнү УКМКга тапшырганы айтылды.
Кегети Көл-Төр-1 жана Токмок Көл-Төр-2 токойчулуктарындагы жерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2024
21 жылда мыйзамсыз сатылган жерлер. Ысык-Ата "Кадастрынын" директору кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0