Эл биле бербеген кесип. Аэропортто иштеген авиациялык орнитологдун видеомаеги

Жазылуу
Аэропорттордо орнитологиялык кызмат иштээрин көпчүлүк биле бербейт. Алардын милдети — каттамдагы учактардын коопсуздугун жерден камсыздоо. Sputnik Кыргызстан авиациялык орнитологдордун ишине кызыгып көрдү.
"Манас" эл аралык аэропортунун Аэродром кызматынын орнитологиялык коопсуздукту камсыздоо тайпасынын кызматкерлери күнү-түнү иштешет. Алар атайын жабдуу менен учуп-конуу тилкесине жакын келген канаттуу, жаныбарларды кубалашат. Жүргүнчү, жүк ташыган учактар менен кошо жарышып учкан чымчыктар аба кемесине чоң коркунуч жаратып, ири авиациялык кырсыкка алып келиши мүмкүн. Андай кооптуу учурларды болтурбоо үчүн авиациялык орнитологдор колунда болгон заманбап шаймандарын колдонуп эки сменада иш алып барат.
Азат Аззалиев беш жылдан бери "Манас" эл аралык аэропортунда эмгектенип, жетектөөчү инженер-орнитолог кызматына чейин жеткен. Өзгөчө кесип ээсинин айтымында, авиациялык орнитологдор канаттуунун жеген тамагы, жатагы, жүрүм-турумуна чейин анализдейт.
"Авиациялык орнитологдор канаттуунун жеген тамагын, жатагын, жүрүм-турумун, учуп келип, учуп кеткен мезгилине чейин анализ жасайт. Биздин жумуш аэропорт жана аэродромдогу учактарга канаттуулардын тоскоолдук жаратпоосун, кагылышпоосун камсыздоо. Ишибиз куштар учуп келген жазда, балапандар канат кагып уча баштаган жайдын башында аябай кызыйт. Анткени алардын көпчүлүгү коопсуздук эмне экенин билбейт, айрымдары учактан да чочулабайт. Жайкысын чымчыктар учуп-конуу тилкесине конуп, күндүн нуруна какталып жылынат. Биз ошол маалда тилкеге чыгып канаттууларды өзүбүздүн жабдуулар менен үркүтүп, учактын абага көтөрүлүүсүнө же конуусуна уруксат беребиз. Андай учурларда учактын кыйынчылыксыз конушун, учуп кетишин, анын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн аманчылыгын кудайдан тилейбиз", — деди Аззалиев.
Ошондой эле орнитологиялык коопсуздукту камсыздоо тайпасында иштегендер аэропорттун тегерегиндеги таштандыны рекультивациялап, бийик дарактарды кыйдыртып санитардык абалды да карайт. Анткени канаттуулар таза эмес, малдын кыгы, мөмө, жер-жемиштин калдыктары үйүлгөн жерлерге жакын байырлайт.
Тема боюнча:
Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек
Колун эт туурагычтан чыгарып, манжаларын кайра курадык. Микрохирургдун маеги
"Кино тартып жүргөнүм түшүмө кирет". Кинооператор Мусаевдин видеомаеги
Коркутуулар болот, коргонуу жолун ойлонуп койгом. Вице-мэр Орунтаевдин видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0