Ысык-Көлдө мектеп директорлорунун бири окуучуну чапканы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМектептеги мугалимдин столунун үстүндө турган журнал. Архив
Мектептеги мугалимдин столунун үстүндө турган журнал. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Жазылуу
Директор түшүнүк катында бала окууга кечигип келгенин, сабакта мугалим менен директорду көзгө илбей телефонду карап, башкаларга тоскоол болгонун айткан.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Сары-Булуң айылындагы мектеп директору окуучуга кол көтөргөн. Бул тууралуу маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.
Ведомствонун маалыматында, Түп районунун милициясына кайрылган аял мектеп жетекчиси 9-класста окуган балага кол көтөргөнүн айткан.
Директор эмоциясын кармай албай баланы чапканын билдирген. Ал түшүнүк катында 20-февралда окуучу мектепке кечигип келгенин, сабакта мугалим менен директорду көзгө илбей телефонду карап, башкаларга тоскоол болгонун айткан.
"Мындан улам директор окуучуну өзүнүн кабинетине чакырып, кармана албай чаап жиберген", — деп билдирди министрлик.
Мекеме директор менен тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн, иликтөөнүн жыйынтыгы менен толук маалымат берилерин убадалады.
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2024
Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымын сабады делген шектүү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0