Бишкекте автобустун жүргүнчүсү контролерду уруп, качып кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши муштумун түйүп жатат. Архив
Киши муштумун түйүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттун контролеруна кол салуу болгонун мэрия билдирди.
Окуя бүгүн эртең менен №169 автобуста болгон.
"Жүргүнчүлөрдүн бири жол кирени төлөбөй контролерго орой мамиле жасап, адепсиз сөздөрдү айткан. Андан соң бетке бир нече жолу уруп, качып кеткен", — дешти мэриядан.
Контролер жаракат алган. Укук коргоо органдары кылмышкерди издеп жатат.
Тулпар бирдиктүү транспорт картасы менен жол кирени төлөп жаткан киши. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2024
Мэрия элди коомдук транспортто жол кире төлөөдөн качпоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0