Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда 135 миңден ашык турак жай камсыздандырылган

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2024
Жазылуу
"Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков өлкөдө бир миллионго жакын үй расмий каттоодон өткөнүн маалымдады.
2027-жылга карата "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын уставдык капиталы 5 миллиард сомго жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Элдияр Калдарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда 135 миңден ашык турак жай камсыздандырылган
Анын айтымында, бүгүнкү күндө республикада бир миллионго жакын үй расмий каттоодон өтсө, анын ичинен 137 миңге жакыны гана камсыздандырылган.
"Бир нече жыл мурун турак жайды камсыздандыруу кампаниясы абдан аксап келген. Бирок азыр мамлекет камсыздандыруу маселесине чоң көңүл бура баштады. Биздин компания жалгыз мамлекеттик камсыздандыруучу уюм болуп саналат. 2016-жылы компания түзүлгөндөн бери уставдык капиталыбыз 400 миллион сомдон ашкан эмес. 2023-жылы мамлекет башчынын демилгеси менен уставдык капиталыбыз бир миллиард сомдон ашты. Мамлекет башчысы турак жайды камсыздандыруунун маанилүүлүгүн көтөрүп, бизди колдоп жатканы кубандырат. Уставдык капитал 2027-жылга чейин беш миллиард сомго жетет деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары, быйыл бизге кошумча 300 миллион сом бөлүнөт. 2027-жылга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун бардык кирешелери ишкананын уставдык капиталын көбөйтүүгө жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Камсыздандыруу модели дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу жана жакшы өнүккөн. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму да мезгилдин талабына ылайык бир топ комплекстүү иштерди алып барууда. Маселен, республикада 15тен ашык жеке камсыздандыруу компаниялары бар. Алардын баары ийгиликтүү иштеп жатышат. Бирок баары ири коммерциялык уюмдарды, соода түйүндөрүн камсыздандырат. Алардын эч бири жеке турак жайларды камсыздандыруу менен алектенбейт. Бизде аймактарда филиалдар бар жана ар бирине кызматкерлер бөлүнгөн. Мурда биз үйлөрдү, автоунааларды гана камсыздандырсак, азыр камсыздандыруунун 15тен ашык түрү (аскер кызматчыларын, спортчуларды камсыздандыруудан баштап учактарды жана башка мүлктөрдү камсыздандырууга чейин) бар. Үйдү камсыздандыруу үчүн жылына шаар жергесинде 1200 сом төлөнөт. Мында компаниянын жоопкерчилиги миллион сомго чейин чыгат. Ал эми айылда камсыздандыруу полиси 600 сом, 500 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилет", — деди Калдарбеков.
Ал учурда республика боюнча уюмдун 400дөн ашык кызматкери үймө-үй кыдырып, калкка турак жайды камсыздандыруунун маанисин түшүндүрүп, мүлкүн камсыздандырууга үндөп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0