Кытайда Германия лидерин аэропорттон вице-мэр тосуп алды. Видео

© AP Photo / Markus SchreiberГерманиянын канцлери Олаф Шольц
Германиянын канцлери Олаф Шольц - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Шольцтун Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугары айтылган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Расмий сапар менен Кытайга барган Германиянын канцлери Олаф Шольцту аэропорттон Чунцин шаарынын вице-мэри тосуп алды. Бул маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье таратып, видеосун жарыялады.
Быйыл жылдын эсебинен Шольц Кытайга Батыштан барган биринчи лидер болуп калды.
Жергиликтүү телеканал анын Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин шаарына германиялык ишкерлерден турган ири делегация менен келгенин билдирген.
Шольцтун аталган шаардан тышкары 16-апрелде Шанхай жана Пекинге барары, Кытай лидери Си Цзиньпин, өкмөт башчы Ли Цян менен жолугары айтылган.
Россиянын президенти Владимир Путин учактан түшүп баратат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Путин Кытайдагы форумга катышуу үчүн Пекинге келди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0