Викрам Рузахуновду кыйноо боюнча иш Казакстандын Баш прокуратурасына өткөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2024
Жазылуу
Казакстандык төрт милиционер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча кылмыш иш Казакстандын Башкы прокуратурасына өткөрүлдү. Бул тууралуу музыкант социалдык баракчасы аркылуу маалымдаган.
Билдирүүгө ылайык, ишти аягына чыгаруу үчүн эки прокурор атайын Астанадан Алматыга жөнөтүлгөн.
"Учурда төрт милиция кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди (алардын бирөө кыйнап жана зордук-зомбулук кылган фактыны мойнуна алган)", — деп жазган музыкант.
Эске салсак, Рузахунов 2022-жылы Казакстанда кармалган. Ал камерага өзүн жаманатты кылып, бирок кийин музыкант кыйноого кабылганын тастыктаган. Эркиндикке чыккандан кийин Казакстандын Ички иштер министрлигин сотко берген, бирок Астананын соту доо арызды канааттандыруудан баш тартып, ишти Жогорку сот карап жатат.
Бейтапканадагы медайым капельница коюп жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2024
Министрлик: Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымы сабалды
Жаңылыктар түрмөгү
0