Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Таштандыны кайра иштетүү колго алынса иш орундары көбөйөрү айтылды

© Sputnik / Асель СыдыковаЖИА бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча менеджери Азамат Дүйшеев
ЖИА бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча менеджери Азамат Дүйшеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2024
Жазылуу
ЖИА бизнес-ассоциациясынын жашыл экономика боюнча менеджери Азамат Дүйшеев өлкөдө таштандыларды кайра иштеткен ишкерлерде көйгөй көп экенин айтты.
Ишканаларга колдоо көрсөтүп, таштанды иштетүүнү туура жүргүзбөсөк дүйнөлүк климат маселесинде артта калып жатабыз. Учурда бул көйгөй болуп көрбөгөндөй актуалдуу бойдон калууда. Ага ылайык, Бишкекте 20-апрелде таштанды калдыктарын эффективдүү иштетүү боюнча форум жана көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Азамат Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Таштандыны кайра иштетүү колго алынса иш орундары көбөйөрү айтылды
Анын айтымында, форумда таштанды иштетүү маселеси, тагыраагы, аларды туура ташуу, кайра бөлүп алуу жана андан жасалган буюмдарды экспортко жөнөтүү жолдору боюнча талкуу болот.
"Бүгүнкү күндө ЖИА бизнес-ассоциациясында жашыл экономика багытында иштеген 10дон ашык жергиликтүү ишкерлерибиз бар. Алар дайыма биз менен байланышта болуп, көйгөйлөрүн айтып турушат. Ассоциация алардын укуктарын коргоп, мамлекет менен иштешкенге жардам берип келет. Таштандыны кайра иштеткен ар бир ишканага барып жеринен таанышып келдик. Калдыктарды кайра иштетип, биздин жашообузда колдонгон буюмдарды жасап чыккан ишкерлер бар экенине күбө болуп, кубандык. Бирок сүйлөшүп көрсөк аларда көйгөй аябай эле көп экен. Мыйзамдагы эрежелер, укуктук нормативдер, актылар, лицензия жана башка ушул сыяктуу уруксат кагаздарын алуу үчүн ишкер жылдап убактысын, акчасын кетирери белгилүү болду. Негизи бул тармакта иштеген ишкерлердин жасаган иши экологияны сактап жатат. Анткени биз Россия, Кытайдан келет деп ойлогон буюмдарды, ыргытылып жата берсе жаратылышка зыян тийгизе турган таштандылардан жасап жатышат. Мындан улам ишканаларга колдоо көрсөтүп, таштандыны туура иштетпесек дүйнөлүк климат маселесинде артта калып калабыз. Бул абал элибиздин ден соолугу үчүн кооптуу болот. Форум ушул себептен уюшулуп жатат. Анда үч темага басым жасалат. Биринчиси — ушул тармакта иштеп жүргөн эң алдыңкы ишкерлердин тажрыйбасын көрсөтүү, алардын идеяларын талкулоо. Экинчиси — мамлекеттик органдардан, ЖК депутаттарын, өкмөттүн өкүлдөрүн чакырып, алар менен таштанды жаатындагы мыйзам, эреже, иштин жүрүшү боюнча талкуу жүрөт. Анткени мыйзамда мүчүлүштүктөр көп. Үчүнчүсү — финансылык мүмкүнчүлүктөр каралып, ишкерлерге кайдан акча тапса болору жөнүндө сөз кылабыз. Таштандыны кайра иштетүү бизнеси колго алынса жумуш орундары көбөйөт", — деди Дүйшеев.
Ал ошондой эле форумда таштандыдан кайра жасалып чыккан буюмдардын көргөзмөсү өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0