Шашылыш билдирүү: бир саат ичинде катуу шамал болот. ӨКМ эскертти

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКатуу шамал. Архивдик сүрөт
Катуу шамал. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Жазылуу
Министрлик элди катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырды.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында катуу шамал болот. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.

"Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМ элди катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырды.
"Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз 112 кызматына кайрылып, жардам сураңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат", — деп кайрылды министрлик элге.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2024
Радио
ӨКМ жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сел кооптуулугуна даяр турууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0