Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен 79 млн. долларга келишим түздү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРРабочий визит первого зампредседателя кабмина КР Адылбека Касымалиева в Эр-Рияд
Рабочий визит первого зампредседателя кабмина КР Адылбека Касымалиева в Эр-Рияд - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
Каражат ислам стандарттары боюнча турак жайды ипотекага берүүгө жумшалат.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү - Sputnik Кыргызстан
1/2

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду - Sputnik Кыргызстан
2/2

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду

1/2

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен 79 миллион долларга келишим түздү

2/2

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду

Келишимге өкмөт башчынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен аталган банктын президенти Мухаммед Сулайман Аль-Жассир Сауд Арабиядагы жолугушуусунда кол койду.
Маалыматта алынчу каражат “Шарият стандарты боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо” долбооруна жумшалары айтылды.
“Долбоор ишке кириши менен миңдеген муктаж үй-бүлөлөрдү ипотека аркылуу батир менен камсыз кылат. Калкты турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири жана ал президенттин көзөмөлүндө турат”, — деди өкмөттүн өкүлү.
Мындан тышкары, Касымалиев ИӨБдүн жетекчисин Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун долбоору менен тааныштырып, Кыргызстан уюштуруп жаткан ушул жылдын июнь айында Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.
Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчиси өз кезегинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун каржылоого катышуу маселесин карап чыгарын айтты.
 Россиянын Федералдык жыйыны менен Жогорку Кеңештин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын Х жыйыны өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Россия — Кыргызстан: парламенттер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0