Мишустин: ЕАЭБ ИДПнын өсүү темпи боюнча Евробиримдиктен озуп баратат

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин
Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
РФ өкмөт башчысы көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция боюнча стратегиялык сессияда сөз сүйлөдү.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. ЕАЭБ ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча Евробиримдиктен озуп баратат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” боюнча стратегиялык сессияда билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ 2023-жылы товар жүгүртүүнүн рекорддук көрсөткүчүнө жетти.

“Евразиялык экономикалык биримдикте 2023-жылы товар жүгүртүү рекорддук көрсөткүчкө, 7,4 триллион рублге жетип, биримдиктин 2015-жылы түптөлгөн убактысына салыштырмалуу дээрлик эки эсе өстү”, — деп билдирди Мишустин.

Өкмөт башчы ошондой эле Россия үчүн боордош өлкөлөр менен бардык тармактарда кызматташууну арттыруу жана гуманитардык тармактагы алаканы бекемдөө маанилүү экенин белгиледи.
“Боордош өлкөлөр менен бардык тармактарда кызматташууну арттыруу керек. Колдо бар ресурстарды натыйжалуу колдонуу үчүн иштин стратегиясын иштеп чыгуу зарыл”, — деди премьер-министр.
Ал, мындан тышкары, Россиянын Евразияда фундаменталдык факторлордун негизинде калыптанган күчтүү позициясын кармап келгендигине токтолду. Анын айтымында, Чоң Евразия мейкиндиги жаңы көп полярдуу дүйнө борборлорунун бирине айланууда. Бул мейкиндикте экономикалык өсүштүн жаңы багыттары пайда болуп, энергетикалык ресурстардын, чийки заттын, сейрек кездешүүчү металлдардын, таза суунун олуттуу запастары топтолууда.
Смартфон сатылуучу дүкөнүндөгү кардарлар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2024
ЕАЭБде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча кандай иштер жүрүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0