Өлкөдө майдын этегинде алгачкы жолу чучук жана боор алмаштырылат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүОперацияга даярдануу. Архивдик сүрөт
Операцияга даярдануу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2024
Жазылуу
10дон ашык бейтаптын бөйрөгү алмаштырылып, чыгымдарын мамлекет төлөгөнү белгиленген.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өлкөдө майдын этегинде алгачкы жолу чучук жана боор алмаштырылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда 15 адам боор жана төрт киши чучук алмаштырууга даярданып жатат.
Ошондой эле министр Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөдө 10дон ашык бейтаптын бөйрөгү алмаштырылып, чыгымын мамлекет төлөгөнү белгиленген. Бейшеналиев учурда 3 миңге жакын адам гемодиализге муктаж экенин, көбү донор табууда кыйынчылыктарга туш болгонуна токтолгон.
“Майдын аягында боор жана чучук алмаштыруу боюнча биринчи операция пландалууда. Учурда 15 адам боор, 4 адам чучугун алмаштырууга даярданып жатат. Бул операциялар президенттин демөөрчүлүк фондунан каржыланат. Башкача айтканда, бейтап донорду өзү таап, операцияга кеткен чыгымды президент төлөйт”, — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин боорду алмаштыруу чет өлкөлөрдө жасалып, баасы 55 миң доллардан 80 миң долларга чейин жеткени айтылган. Ошондой эле чучук алмаштыруу 130 миң доллардан 160 миң долларга чейин жетери кошумчаланган.
ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу пландалууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2024
ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0