Ысык-Көлдүн жээгине жакын мыйзамсыз курулуштар алынууда. Орунтаев кыдырган видео

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевИмараттарды бузууда атайын техниканын иши. Архив
Имараттарды бузууда атайын техниканын иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн жээгинен 100 метр алыс эмес аралыкта жайгаштырылган мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана аларды алып салуу иштери уланууда.
Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев аймакка барып текшерип, мыйзамсыз деп аныкталгандары буздурула баштаганын аталган ведомстводон билдиришти.
Аны менен кошо президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана жергиликтүү бийликтин башка өкүлдөрү да кыдырышкан.
"Текшерүүдө Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионаттардын мыйзамсыз деп аныкталган курулмалары буздурулууда. Аталган иш-чарага директордун орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө жана жергиликтүү аймактын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктары катышууда", — деп айтылган маалыматта.
Курулуп жаткан үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
ИИМ "Ата-Түрк" паркы менен Асанбайда курула турган үйлөрдү текшере баштады
Жаңылыктар түрмөгү
0