Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: Зеленский мобилизация болчуларды чочутпоо үчүн өлгөндөрдүн санын азайткан

© AP Photo / Vadim GhirdaУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү 2022-жылдын февралынан тартып 31 миң адамды жоготконун айткан. Херсон облусунун губернатору Владимир Сальдо Зеленский каза болгон аскерлердин санын бери дегенде 10 эсеге азайтып айтууда деген.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский согушка чакырылуучуларды чочутпоо максатында Украинанын Куралдуу күчтөрү 31 миң аскерин жоготту деп санын азайтып айтууда. Бул тууралуу Washington Post гезити атын атоону каалабаган украиналык депутатка таянуу менен билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина көп убакыттан бери ачыкка чыгаруудан баш тартып келген фронтто каза болгон украиналык аскерлердин саны мобилизациядагы көйгөйлөрдү ого бетер күчөтпөш үчүн азайтылып айтылган болушу мүмкүн", – деп жазган гезит.
Аталган жалпыга маалымдоо каражаты Украинанын армиясындагы аскерлердин жетишсиздигинен, ошол эле учурда РФтин куралдуу кубаты артып жаткандыгынан Киев быйыл чабуул жасай албашы мүмкүндүгүн белгилеген.
Буга чейин Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү 2022-жылдын февралынан тартып 31 миң адамды жоготконун айткан. РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова Киев бийлигинин башчысынын бул айткандары боюнча комментарий берип, ар бир украиналык Зеленскийдин жалган сүйлөгөнүн билип турат деген.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу 20-февралда Украинанын 2023-жылдын 4-июнунан тартып ийгиликсиз жасалган контрчабуулдарынан эле жоготкон жана жаракат алган аскерлеринин саны 116 миңге жеткенин билдирген. Ал эми Херсон облусунун губернатору Владимир Сальдо Зеленский каза болгон аскерлердин санын бери дегенде 10 эсеге азайтып айткан деген.
Зеленский 16-апрелде Украинадагы мобилизацияны күчөтүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. Мыйзам 18-майда күчүнө кирет. Документ аскерде кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн баарын мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде аскердик комиссариаттан маалыматтарды жаңылоого милдеттендирет. Бул үчүн алар аскер комиссариатына келип, "чакырыла турган адамдын электрондук кабинетине" катталуусу шарт. Бул учурда аларга аскерге чакыруу тапшырылышы мүмкүн. Чакыруу кагазы мобилизациялана турган адам аны көрбөсө, албаса деле "тапшырылды" деп саналат. Жеке колуна берүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугу тууралуу чакырууга мөөр басылган күн "кагаз тапшырылган күн" деп эсептелинет.
Ошондой эле бул мыйзамда аскерде кызмат өтөөгө милдеттүүлөр жанына дайыма аскердик билетин алып жүрүүсү жана аны аскер комиссариатынын кызматкерлери же полиция сураган учурда дароо көрсөтүшү керектиги жазылган. Мындан баш тарткандарды автоунаа айдоо укугунан ажыратышат. Демобилизациянын мөөнөтү ал документте көрсөтүлгөн эмес. Бир катар депутаттардын нааразычылыгынан кийин бул норманы документтен алып салышкан.
Украинада 2022-жылдын 24-февралында аскердик абал режими киргизилген. Анын эртеси Зеленский жалпы мобилизация жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Бул кадам Украинадан 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин чыгышына тыюу салат. Октябрь айында Time журналы Зеленскийдин жардамчысынын билдирүүсүнө таянып, согуштагылардын катары суюлуп кеткендигине байланыштуу 43 жаштагыларды да аскерге чакырууга мажбур болуп жатышканын жазган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский 1991-жылкы чек араны козгобой Россия менен сүйлөшүүнүн четин чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0