"Шаардын кейпи бул болсо, кантип Mercedes менен жүрөм?" Жумабек Ибраимовду эскерүү

© Фото / семейный архив ИбраимовыхБелгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов. Архив
Белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жазылуу
Белгилүү мамлекеттик ишмер Жумабек Ибраимовдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Ал кезинде бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп, жетекчи катары эгемен Кыргызстандын тарыхында калган адам.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто юридика илимдеринин доктору Чолпон Баекова, Жумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр Сагымбаева жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов болушту.
© Sputnik / Асель СыдыковаЮридика илимдеринин доктору Чолпон Баекова, Жумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр Сагымбаева жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов
Вспоминая Жумабека Ибраимова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Юридика илимдеринин доктору Чолпон Баекова, Жумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр Сагымбаева жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов
— Алгач кепти Жумабек Ибраимовдун бала чагынан баштасак.
Шайыр Сагымбаева: — Жумабек Ибраимович Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында туулган. Бул кишинин тагдыры согуштан кийинки мезгилге туш келет. Ата-энеси абдан эмгекчил, мал чарбачылыгы менен иш кылган жөнөкөй адамдар болгон. Акай атасынын бир тууган агасы Ибраимдин баласы жок болгондуктан менин жолдошумду багып алып, башкаларга караганда кийими бүтүн, курсагы ток болуп өскөн экен. Бакма ата-энеси 7-классына чейин алаканына салып эрке кылып өстүрөт. Анан атасы каза болуп калып, Жумабекке оор түйшүк жүктөлөт. Үйдөгү оокаттын баарын өзү кылып, кыйынчылык менен коштолгон күндөрдү башынан кечирет. 11-классты бүткөндөн кийин борбор калаага келип Политехникалык институтка өтүп, күндүз ар кандай оор жумушта иштеп, кечкисин билим алат. Аскерге чакырылган жылдары үч жылга окуусу токтоп калган. Политехти бүткөн соң инженер кесибине ээ болуп заводдордо иштей баштайт. Биринчи Фрунзе атындагы айыл чарба техникасын куруу заводунда мастер, инженер, конструктор болуп иштеп жүргөндө апасы катуу ооруп калган. Шаарда оңгулуктуу жашаган үйү болбогондуктан Ысык-Көлгө кетүүгө аргасыз болот. Балыкчыда да өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көргөзгөн. Иштин майын чыгара билген кызматкер экенин байкаган жетекчилер жолдошумду карандаш заводунун директору кылып дайындаган. 1985-жылы Балыкчынын элдик көзөмөл комитетинин төрагасы, Коммунисттик партиянын шаардык бөлүмүндө биринчи катчы болуп иштеген. Кийин Абсамат Масалиев Фрунзеге чакыртып, Компартиянын Борбордук комитетинин уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары, Чүй облустук компартиясынын экинчи катчысы кызматтарына бекиткен. 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советтинин депутаты болуп шайланды.
© Sputnik / Александр ФедоровИзвестный государственный деятель Жумабек Ибраимов
Известный государственный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
— Чолпон Турсуновна, Жумабек Ибраимовичтин элге жакын жетекчи болгонун айтышат. Ишмердиги тууралуу эмне айта аласыз?
Чолпон Баекова: — Жумабек Ибраимович быйыл 80 жашка чыкмак. 1999-жылы ал кишиден айрылып калдык. Турдакун Усубалиевдин буйругу менен Жогорку сотто иштеп жатканымда мени Ысык-Көл облустук сотуна төрагалык кылууга жиберишти. Ал кезде Жумабек Ибраимовду таанычу эмесмин. Жогору жактан мага профсоюздарды иретке келтирүү боюнча тапшырма келди. Ошол мезгилде бүт облустарды кыдырып, мекемелерди гана эмес, завод-фабрикаларды, чарбаларды текшерип жүрүп Жумабек Ибраимов менен таанышкам. Билишимче, ал киши КПСС БКга биздин өкүл катары жиберилген эле. Шаардык кеңештин биринчи катчысы, ага удаа шаар комитетин жетектеген. Кийин Бишкекке которулуп шаардын мэри кызматын аркалады. Анан өкмөт башчы болду, бирок узак иштеген жок. Көптөгөн жакшы максаттары ишке ашпай калганын айтып көп жетекчилердин кейигенин көрдүм. Инсан катары элге жасаган мамилесине баа берсек, эч качан иштен тартынбаган, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, карамагындагы кызматкерлерге кароо, өзү да тартипти сактап, башкалардан да талап кыла билген кызматкер болчу. Иштин көзүн билчү. "Жанар" электрондук компаниясында генералдык директор катары иштеп турганда колундагы менмендеген инженерлер анын ишине баа берген. Балыкчы абдан жакшы шаар болчу. Анткени анда жумушчулардын деми бар эле. Алардын башында Жумабек Ибраимов турчу. Фрунзе шаардык аткаруу комитетинде турганда ал кишинин башкаларга да, өзүнө да талапты катуу коё билерин баары көрүшкөн. Кийин мамлекет башчысы кеңешчи кылып алган. Анткени жер-жерлердеги элдин маанайын, абалын жана ишти да жакшы билет эле. 1998-жылдын этегинде премьер-министр болуп дайындалып, жарым жылга жетпей каза болуп калды. Баарыбыз өкүттө калдык. Иштеп турганда көп катачылыктарга жол берилмек эмес беле, аттиң... Өзү да таза, тыкан, талапты да кое билген, иштей алган адам эле. Элди да аяп турчу.
© Sputnik / Асель СыдыковаЮридика илимдеринин доктору Чолпон Баекова
Заслуженный юрист КР Чолпон Баекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Юридика илимдеринин доктору Чолпон Баекова
— Жумабек Ибраимович кагаз ишин гана эмес, чарба ишин да мыкты билген экен.
Ч.Б.: — Ооба, ал киши чарбаны да мыкты билген. Завод-фабрикалардын тилин түшүнүү менен коллективдин да кулк-мүнөзүн билип, ошого жараша мамиле жасаган. Эл аралап калк менен жолугушканда алардын мүдөөсүн угуп, келечекке план түзүүдө ушунун баарын эске алчу.
— Китептин автору катары айтсаңыз, бул кишинин өмүр баянын, баскан жолун карап отуруп кандай урунттуу учурларды белгилейсиз?
Курманбек Раматов: — Жумабек Ибраимов Советтер Союзунда билим алып, Коммунисттик партиянын убагында жетекчи кызматтарда иштеп, ошол мезгилде тарбияланып, ошол духта өскөн адам. Ал киши тууралуу фильмде мугалимдери анын мектепте жүргөн кезин суктанып айтып беришкен. Абдан жакшы окуптур. Балыкчыдагы заводдо иштеп турганда эле эл оозуна алынып, Балыкчы шаардык элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасы болгон. Бишкектин мэри болуп турганда да абалды абдан өзгөртүп, көп маселелерди чечкен. Телевидениеден жасалган иштер тууралуу ай сайын маалымат берип турчу. Кандай маселе болбосун элге, басма сөз кызматкерлерине жакын болгон. Кемин районунан Жогорку Кеңешке шайланып келип, Эл өкүлдөр палатасында президенттин өкүлү болду. Кандай маселе болсо да оппозиция менен бийликти бириктирип турган. Ал киши иштеп турса мүмкүн өлкөдө көптөгөн толкундоолор болмок эмес дегенге ишенем. Элге жакын болчу. Өкмөт башчы кезинде ар бир маселени терең изилдеп, чечим чыгарып, калктын ишенимине татыган. Султан Ибраимов каза болгондо эл кандай ыйлап узатса, Жумабек Ибраимовду да дал ошондой узатышты. Жумабек Ибраимовдун чоң атасы Курманбай айыл элин баштап-көздөгөн элдик адам болгон экен. Ибраим менен Акай — Курманбайдын уулдары. Жумабек Ибраимовичтин агасы Ишеке райондо врач, андан кийинки агасы айылда мал чарбачылыгында иштеп Эмгек Кызыл Туу, Ленин ордендерин алган. Жумабек Ибраимовдун 80 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча Апас Жумагулов, Чолпон Баекова, Миталип Мамытов башында турган бир катар инсандар жогорку жакка кайрылуу жасаганбыз. Буюрса, татыктуу белгиленет деген ойдомун.
© Sputnik / Асель СыдыковаКР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов
Заслуженный работник культуры Курманбек Раматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов
— Бишкек шаарында Жумабек Ибраимовдун эстелиги турат. Анын орнотулушуна ким демилгечи болгон? Бул киши тирүүсүндө деле сыйлыкка, наамга кызыкпаса керек?
Ш.С.: — "Туура сүйлөгөн тууганга жакпайт" дегендей, көп көңүл бурулбай жүргөнү ырас. Курманбек Раматов агай менен Александр Ивановго рахмат! Анткени Жумабек Ибраимовичтин басып өткөн жолун башынан-аягына чейин иликтеп, изилдеп жүрүп китебин чыгарышты. Ал эми Чолпон Турсуновна экөө союздун тарбиясын алып, алыстан бири-биринин ишмердигине көз салып жүргөн адамдар да. Каза болгондон кийин эки эстелигин тургуздук. Мен Турдакун Усубалиевге кайрылып, ал киши моралдык жактан жакшы жардам берди. Панфилов көчөсүндө эстелиги турат, ал жер алгач Исхак Раззаковго арналган экен, бирок башка жакка коюлуптур. Турдакун Усубалиев "кызым, Ибраимов ушул жерге татыктуу, эстелигин тургуз" деди. Анан демөөрчү издедик. Алматылык досубуз Клим Васильевич жардам көрсөтүп, аны менен катар мурунку финансы министри Темирбек Акматалиев 1000 доллар берди. Ал эми "Ала-Арчадагы" эстелигине өкмөт көмөктөштү. Ооба, бул киши сыйлыкка, наамга кызыккан эмес.
© Фото / семейный архив ИбраимовыхГосударственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов
Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
— Үйдө сизге кандай жар, балдарына кандай ата болду?
Ш.С.: — Булар мамлекеттик ишмер болуп, советтик тарбияны алгандыктан үй-бүлөнү биринчи орунга койгон жок. Мамлекетке кызмат кылууну, эл менен алакада болууну, жардам берүүнү көздөштү. Ошону менен убактылары өтүп кетет экен. Менде деле эки диплом бар. "Анда иштейм, мында иштейм" деп тайраңдаган жокмун. Жолдошум "бир үйдө бирөө эле иштейт" дегенден кийин үйдүн түйшүгүн толук мойнума алып, жөнөкөй эле жумуштарда жүрдүм.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр Сагымбаева
Жена Жумабека Ибраимова Шайыр Сагымбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Жумабек Ибраимовдун жубайы Шайыр Сагымбаева
К.Р.: — Шайыр Искеновнанын жасаган эмгеги чоң. Чуркап жүрүп борбордогу көчөгө Жумабек Ибраимовичтин аты берилди. Айылында да көчөсү бар. Жумабек Ибраимов абдан калыс жетекчи болгон, ошонусу менен оозго алынган. Көп эле мыкты инсандар бар, бирок артынан чуркаган киши жок унутулуп калууда. Жакшы аял эзелтеден жолдошуна кеңешин берип, алга сүрөп турган. Жумабек Ибраимов Жогорку Кеңеште бир ирет түндө үйүнө келип, доллар сунуштап кызмат сураган адамдардын кылыгын айтып, капа болгонун билдирген. Аларды үйүнөн кууп чыгыптыр. Ошондон кийин эч ким андай ишке ачык бара албай калган. Бул киши мэр болуп турганда "эски "Волга" менен жүрбөй, келиңиз, башкаларчылап мэриянын эсебинен Mercedes алалы" десе, шаардын кебетеси бул болсо мен кантип чалкалап Mercedes минип жүрөм? Биз шаарга жакшы иштеп берсек, тепкен "мерсибиз" ошол болот" деп айткан.
Ч.Б.: — Советтик мезгилде кадрлар резерви аркылуу гана бышкан кадрларды кызматка алчу. 1990-жылдардын башында бизди кандай тагдыр күтүп жатат, кантебиз, эмне кылабыз деген суроо туулду. Ошол мезгилде Жумабек Ибраимовду борборго жетекчи кылуу да чоң жоопкерчилик арткан. Анткени заман өзгөрдү. Мамлекеттин өз киндигин өзү кесип, тай-тайлап басып кетүү процессине бул киши толук катышкан. Өкүнүчтүүсү, ошонун жемишин көрбөй калды.
— Эми туяктары тууралуу сөз кылсак, атасына кесибин, мүнөзүн окшоштурасызбы?
Ш.С.: — Мен ал кишинин экинчи турмушумун. Биринчи турмушунан төрт баласы бар. Баарын өстүрүп, билим берди. Татынакай балдар, учурда өз кесиптери менен иштеп жатат. Эч кимиси мамлекеттик кызматка келген жок. Жумабек Ибраимович байлыкка жулунган эмес. Балдарына болгону жакшы аты, тарбиясы мурас калды.
Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2024
Генерал-полковникти тарбиялаган ардагер чоң аталар. Абдыгул Чотбаевдин эскерүүсү
Жаңылыктар түрмөгү
0