Ак-Өргөөгө №216 каттам менен эми автобус жүрө баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтобус айдоочусу. Архив
Автобус айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Жазылуу
Күн сайын 26 автобус болжол менен 10 мүнөт интервал менен каттап турары айтылды.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Бишкек шаарындагы №216 каттамдын маршруткалары автобуска алмашат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
© пресс-служба мэрии города БишкекЗамена микроавтобуса №216 на автобус в Бишкеке
Замена микроавтобуса №216 на автобус в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Буга чейин жүргүнчүлөрдү бустар ташып келген.

“Мындан ары ушул эле каттам номуру менен автобус жүрө баштайт. Акыркы аялдамалар Ак-Өргөө конушунда жана Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашат. Күн сайын 26 даана автобус пландык чыгууну аткарат. Аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт”, — деп билдиришти мэриядан.

Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинен карап турууга болот.
Автобустардын ар бири GPS-трекери жана накталай эмес төлөм жүргүзүү үчүн валидатор менен жабдылганы айтылды.
Церемония передачи спецтехники для госорганов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2024
Бишкекте бир айда 120 маршрутка линиядан чыгарылып, ордуна автобус кирет
Жаңылыктар түрмөгү
0